Печать
Категория: Коом
Просмотров: 113

21-декабрдан 8-январга чейин кечки саат 20:00дөн 01:00гө чейин Чүй проспектиси Эркиндик проспектисинен тарта Панфилов көчөсүнө чейин жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, бул чаралар коомдук тартипти, шаардыктарды жана анын конокторунун коопсуздугун коргоо үчүн жасалган.

Белгилей кетсек, мындай тартипти киргизген токтомго калаа башчысынын милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев кол койгон.

Бул арада Бишкек мэриясы шаардыктардан утурумдук жараткан ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, калаа тургундарына бул күндөрү транспорт менен жүрө турган жолдорун алдын-ала тактап алуу сунуштады.

Булак: Элгезит