Печать
Категория: Коом
Просмотров: 113

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов пресс-конференцияда билдирди.

Анын айтымында, жаңы паспорттордо коопсуздук тутуму өркүндөтүлгөн.

«2015-жылы өкмөт биометрикалык электрондук паспортторду киргизүү боюнча чечим кабыл алган. 2016-жылы долбоор ведомстволор аралык комиссия тарабынан жактырылган. 2018-жылы бланктарды сатып алуу боюнча тендер өткөрүлдү. Соттук териштирүүлөрдөн улам, бул кечеңдетилген. 2019-жылы Жогорку Сот өткөрүлгөн тендерлерди белгиледи”, - деди ал.

2020-жылдын март айында ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, тендердин жыйынтыгында германиялык компания утуп алган. 2020-жылы май айында келишим түзүлгөн.

"Пандемия болгондуктан, жумуш онлайн режиминде жүргүзүлдү. Сентябрь айында долбоордун үлгүлөрүн даярдаганга жетиштик" - деди ал.

Булак: media-center.kg