Печать
Категория: Коом
Просмотров: 136

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жарлыкка ылайык, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун, көзөмөлдөөнүн инновациялык ыкмаларын колдонуу, мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу, Кыргыз Республикасынын жарандары жана ишкерлери үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясын киргизүүнү активдештирүү максатында, ошондой эле бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактарына электрондук башкарууну киргизүүнүн артыкчылыгы белгиленип, токтом кылынат:

1. Мамлекеттин, бизнестин жана жарандардын ортосунда туруктуу санариптик өз ара аракеттенүүнү түзүү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык органдарында электрондук башкарууну киргизүүнү тездетүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эң маанилүү милдети деп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жарандардын жашоо-турмушунун сапатын кыйла жакшыртууга жана өлкөдөгү экономикалык ишти активдештирүүгө мүмкүндүк берүүчү төмөнкү чараларды кабыл алуунун мүмкүнчүлүгүн кечиктирбестен карап чыгуу сунушталсын:

— 2021-жылдын 1-майына чейин санариптештирүү чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актыларды ички карама-каршылык, коллизиялар жана боштуктар жагынан инвентаризациялоону, ошондой эле мыкты дүйнөлүк тажрыйбаларды эске алып, санарип экономиканы жөнгө салууну бириктирген бирдиктүү документ катары Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү;

— 2021-жылдын 1-мартына чейин «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик (муниципалдык) органдардын санариптик өз ара аракеттенүүсү жана Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик жол-жоболоруна толук реинжиниринг жүргүзүүнү, аларды электрондук форматка өткөрүүнү эске алып, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарттарына жана административдик регламенттерине өзгөртүүлөрдү киргизүү;

— 2021-жылдын 1-мартына чейин санарип чөйрөнүн шарттарында адам менен мамлекеттин өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы философиясын төмөнкү принциптерде түптөгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү:

— 2021-жылдын 1-январына чейин министрликтер жана ведомстволор тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын иштеп чыгуу боюнча нускаманын бир түрдүү сакталышын контролдоочу ыйгарым укуктуу органды аныктоо;

— 2021-жылдын 1-мартына чейин маалымкаттарды, документтерди талап кылуу жана берүү жол-жоболорун жоюу боюнча чараларды көрүү;

— 2021-жылдын 1-январына чейин санариптештирүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканалардын кызматкерлеринин эмгек акысын жеке секторго салыштырганда атаандаштыкка жөндөмдүү кылып түзүүнү эске алып, мындай ишканаларды электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бирдиктүү башкаруусун мыйзам менен бекитүү;

— 2021-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын санариптик трансформациялоо, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды мамлекеттик/муниципалдык башкарууга киргизүү маселелери менен иштеген адистеринин эмгек акысын жогорулатуу мүмкүндүгүн карап чыгуу;

— 2021-жылдын 1-июнунан баштап Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары жөнүндө маалыматтарды идентификациялоонун колдонулуп жаткан формаларын сактап, анын ичинде аларды идентификациялоодо биометрикалык маалыматтарды колдонуп, жарандардын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү, тейлөөлөрдү алуусунун жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, банктар, финансылык-кредиттик мекемелер, жеке сектордогу уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн мүмкүндүгүн камсыз кылуу;

— 2021-жылдын 1-июнунан баштап Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке жактарды өткөрүү пункттарынын автоматташкан системасын толук ишке киргизүүнү камсыз кылуу;

— 2021-жылдын 1-январына карата салмак-көлөмдү контролдоо системасы менен интеграциялоону жана товарларды жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү көзөмөлдөөнү ишке ашыруунун алкагында аны андан ары масштабдоонун мүмкүндүгүн эске алып, «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин импортун контролдоо системасын ишке киргизүүнү камсыз кылуу;

— «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга мүмкүн болгон, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле алардын ведомстволук уюмдарынын карамагында турган маалымкаттарды жана документтерди жеке жана юридикалык жактардан талап кылууну болтурбоо;

— 2021-жылдын 1-январынан баштап мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын ведомстволук уюмдарынын ортосунда «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы боюнча маалыматты, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалыматты акысыз негизде берүүнү камсыз кылуу;

— 2021-жылдын 31-декабрына чейин кагаз жүзүндөгү документ жүгүртүүнү болтурбоо боюнча зарыл чараларды көрүп, 2021-жылдын 1-январынан баштап электрондук документ жүгүртүү системасын киргизүүнү баштоо, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде документ жүгүртүүнү электрондук форматта жүргүзүү;

— калкты тейлөө борборлорунда төмөнкү принциптерде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү уюштурууну камсыз кылуу:

— 2021-жылдын 1-июнуна карата санарип көндүмдөр жана киберкоопсуздук, санарип экономика шарттарында кызмат көрсөтүү боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программасын түзүү;

— азыркы билим берүү программаларынын стандарттарына таянбастан, эксперименталдык режимде бардык IT-багыттар (анын ичинде программалоо, системалык администрациялоо, киберкоопсуздук ж. б.) боюнча мектептин «Информатика» сабагы жана жогорку кесиптик билим берүү үчүн инновациялык билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана 2021-жылдын 1-сентябрынан баштап киргизүү;

— 2021-жылдын 1-майынан баштап коммерциялык финансылык-кредиттик уюмдардын жарандардан маалымкаттарды, документтерди талап кылуусун болтурбоону жана «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалыматты тоскоолдуксуз өз ара алмашуу боюнча мамлекеттик органдардын жана коммерциялык финансылык-кредиттик уюмдардын ортосундагы ишти уюштуруу жолу менен жарандар тууралуу бардык маалыматтарды алуу мүмкүндүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирдикте карап чыгуу.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ушул Жарлыктан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү даярдаган мыйзам долбоорлорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте талкуулоону жана кабыл алууну камсыз кылуу сунушталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бирдикте соттук системанын сот өндүрүшү чөйрөсүндө инновациялык санариптик чечимдерге болгон муктаждыгын 2021-жылдын 1-мартына чейин иштеп чыгуу сунушталсын.

5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.

6. Бул Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жүктөлсүн.