Печать
Категория: Коом
Просмотров: 120

Ысык-Көл облусунда президенттикке талапкер Адахан Мадумаровго карата эч кандай тоскоолдук болгон эмес. Бул тууралуу Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын төрагасы, вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди.

Мамытканов Мадумаровдун билдирүүсү боюнча бир катар жетекчилер суралганын айтат.

"Эч кандай тоскоолдуктар болгон жок. Мадумаров Ысык-Көлгө келе элек. Биз ачык айтып жатабыз, ал Ысык-Көлгө келсин. Алдын ала эскертип койсо, аны тосуп алышат”, - дейт ал.

Вице-премьер белгилегендей, президенттикке талапкерлер кайрылса, алардын коопсуздугу камсыздалып берилет. "Ысык-Көлгө БШКнын комиссиясы аталган маселени териштирүү үчүн жөнөп кеттти", - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Адахан Мадумаров үгүт иштерин Ысык-Көл облусунан баштарын ойлогонун, бирок анын тарапкерлерине коркутуу болуп жатканын айтып чыккан.

Облустук милиция Мадумаровдун билдирүүсү боюнча териштирүү иштерин баштады.

Булак: Кабар