УКМКнын тѳрагасы Камчыбек Ташиевге бали дейли! “Мен коррупция менен күрѳшѳм, мамлекеттен уурдап, жеп-ичкендерди “кустурам” деген сѳзүн аткарууда. Баштаган иштерин аягына чыгаруусун каалап кеткибиз келет.
УКМКнын Коррупцияга каршы күрѳшүү кызматы Жогорку Соттун судьясы Камил Осмоналиевди кармады. Аталган судьянын коррупцияга канчалык малынганын билгенде, жакаңды кармабай коё албайсың.
Камил Осмоналиев айлыгынан башка кирешеге ээ болбой туруп, кѳптѳгѳн кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктѳргѳ ээ болгондугу аныкталды. Атап айта турган болсок, VIP-шаарчадагы элиталык кыймылсыз мүлк, курулуш компаниялар берген батирлер, Ысык-Көлдүн жээгиндеги престиждүү пансионаттардагы коттедждер, соода борборлорундагы коммерциялык объекттер, ошондой эле люкс-класстагы унаалар ж.б. Мындан тышкары, Камил Осмоналиев жана анын жакын туугандары байма-бай Бириккен Араб Эмираттарындагы, Түркиядагы, Азия жана АКШдагы курорттук шаарларга барып жүргөнү белгилүү болду.
Судья Камил Осмоналиевдин кармалуусу эмнени кѳрсѳттү? Кыргыз фемида системасы канчалык коррупцияга малынып, Кыргызстандын судьяларынын канчалык колдору булганганын, сот системасы реформалоого муктаж экенин дагы бир ирет ырастады. Бүгүнкү Жогорку Соттун ѳңү Камил Осмоналиевдин ѳңүндѳй десек аша чапкандай болбойт. Себеби, коррупцияга малынган судья жалгыз эле Камил Осмоналиев эмес. Андыктан ѳздѳрүнүн чечимдерин пулдап кѳнүп, капчыктарын кампайтып, мыйзамсыз байып жаткан фемида ѳкүлдѳрүн колго түшүрүп, мыйзам чегинде жоопкерчиликтерин кароо зарыл. Ансыз сот системасындагы реформа тууралуу ооз ачпай эле койгонубуз оң.
Булак: «Майдан. kg» гезити