Кечээ эки тараптын ортосунда пикир келишпестиктер орун алып, жыйынтыгында тургундар Ак-Сай-Ворух жолун буушкан.
Учурда Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш жайгашкан аймактарда абал тынч. Бул тууралуу Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
Ушул тапта Ак-Сай-Ворух жолу ачык. Чек аралаш аймактардагы абал күч түзүмдөрү менен жергиликтүү башкаруу органдарынын көзөмөлүндө турат.
16-декабрда кечки саат 20:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары Ак-Сай-Ворух жолун тосуп, аталган айылдан эки жылкы жоголгонун, жылкынын изи тажик айылы тарапка кеткенин айтып, малды табуу талабын коюшкан.
Окуя боюнча Баткен районунун акими Каланбек Маркаев Тажикстандын Исфара районунун акими жана чогулган эл менен жолугушкан.
Жолугушуудан соң чогулган эл тарап, тосулган жол ачылды.
Уурулук боюнча маалымат түшөрү менен кыргыз-тажик ички иштер кызматкерлери биргеликте издөө иштерин баштаган.
Булак: Элгезит