Печать
Категория: Коом
Просмотров: 169

Ошто милициянын аймактык инспекторлору тарабынан 38 адам убактылуу баш калкалоочу жайга жеткирилди. 21 өспүрүм тилемчилик жасап жүрүшкөндүктөрү үчүн балдардын адаптация борборуна жайгаштырылды. Өткөн жуманын баштап Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын аймактык инспекторлору тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу, тышкы жана ички миграциянын мыйзам чегинде болуусун камсыздоо жана үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу максатында тейлеген аймактардагы турак-жайларды кыдырууну улантып жатышат. Аймактык инспекторлор тейлеген аймактардагы жашоочулар менен жолугушуп, жагдайлар менен таанышышат. Негизги басым жашы жетелек балдардын укуктарынын корголушуна, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга, мыйзамсыз миграцияга каршы жана башка кылмыштардын алдын алууга багытталган. Иш-чараны Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги көзөмөлдөп жатат. Аймактык инспекторлор күн сайын аткарган иштери тууралуу өз бөлүм башчысына отчет беришип, кошумча тапшырмаларды дагы алып турушат. Бүгүнкү күнгө чейин 18729 кожолукта жашаган адамдар менен маектешүүлөр жүргүзүлдү. Бүгүнкү күнгө чейин бул иш-чаранын жүрүшүндө түрдүү 38 кылмыштын бети ачылды, тартип бузган жарандарга карата 50 протокол түзүлүп, айыптар салынды. Ош шаарынын аймагында жашап турушуп, катталуу эрежелерин бузган жарандар дагы аныкталып, чаралар көрүлүп жатат. Мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды табуу боюнча дагы ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүү тапшырмасынын үстүнөн иш алынып барылууда. Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамдуу куралга ээ болуп, бирок сактоо эрежелерин сактабаган 6 жаранга айып салынып, убактылуу куралдары алынды. Мыйзамсыз сакталган 1 курал ээсине сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Мурда соттолуп чыккан жарандар менен маектешүүлөр, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бир жума аралыгында суукта калган 38 туруктуу жашай турган жери жок жарандар «Мусаада» коомдук фонду тарабынан уюштурулган убактылуу баш калкалоочу жайга жеткирилди. Көчөдө тилемчилик жасап жүрүшкөн 21 жашы жетелек өспүрүм убактылуу баш калкалоочу жаш өспүрүмдөрдүн адаптация борборуна жайгаштырылды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери тарабынан тейлеген аймактардагы диний экстремисттик, террордук көз караштагы уюмдарды, баңгизаттарды, курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүрткөн атуулдарды аныктоо максатында ар тараптуу иштер уланууда. 17-декабрдан тартып, Ош шаарында «Арсенал» деген аталыштагы мыйзамсыз курал-жарактарды сактоого каршы багытталган профилактикалык иш-чара башталат.

Ош ШИИБдин Басма сөз кызматы