Жогорку Кеңеш бүгүн, 16-декабрда "Экономикалык мунапыс маселелери боюнча мыйзамдык актыларга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун карайт. Аталган долбоор буга чейин парламенттин Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитети тарабынан жактырылган.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, КСДП фракциясынын мүчөсү Марлен Маматалиевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, бул мыйзам менен коррупционерлерди актоо аракети жасалган жок:
"Коррупционер же мыйзамсыз байыгандарга бул мыйзамдын тиешеси жок. Мында ишкерлерди, банктардан насыя алгандарды, мүлктү туура эмес колдонгондорду, жалпылап айтканда экономикалык мүчүлүштүк кетирип алган жарандарга бир ирет мүмкүнчүлүк берип, шарт түзүп, кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу сунушталып жатат".
Мыйзам долбоорунда Кылмыш кодексинин алты беренеси боюнча айыбын мойнуна алып, мамлекетке келтирген зыянын төлөп, мүлкүн декларациялаган жарандарды жазадан бошотуу каралган.
Демилгечилер бул мыйзам менен азыркы кылмыш жообуна тартылган жарандардан кеминде 500 миллион сомду мамлекетке кайтарууга мүмкүн экенин ырасташууда.
Жогорку Кеңеш 5-ноябрда «Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» мыйзамды кабыл алган. Ага президенттин милдетин аткарып жаткан төрага Талант Мамытов 9-декабрда кол койду.
Мыйзамда ыктыярдуу декларациялоо көмүскө мүлктүн жана кирешенин бир бөлүгүн мыйзамдуу жүгүртүүгө киргизүүгө мүмкүндүк берип, экономикалык жигердүүлүктүн күчөшүнө алып келери жазылган.
Мыйзамдын оппоненттери ал коррупционерлердин, олигархтардын кызыкчылыгы үчүн иштерин айтып чыгышкан.
Булак: Азаттык