Өкмөт кийинки жумада COVID-19 оорусун дарылоонун бешинчи протоколун талкуулайт, деп билдирди вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева бүгүн, 16-декабрда «Биринчи радиодо».
Анын айтымында, учурда медицина кызматкерлери жана жугуштуу оорулар боюнча адистер бешинчи протоколду даярдап жатышат.
«Төртүнчү протоколдон чоң айырмачылыгы деле жок. Буга чейин изилденбеген нерселер эске алынды», - деди ал.
Булак: Баракелде