Печать
Категория: Коом
Просмотров: 189

Депутат Жанар Акаев жакында парламентте “Ош мамлекеттик университетине анын мурдагы ректору, ыраматылык экс-министр Каныбек Исаковдун ысмын берүү жөнүндө” демилге көтөрдү. Билгендердин айтымында, К.Исаков ОшМУнун  мыкты жетекчилеринен болгон экен. Анда талаш жок. Бирок депутатыбыз ОшМУга 1998-жылы Өкмөттүн чечими менен Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Темиркул  Үмөталиевдин ысымы берилгендигин, азырынча ал токтом жокко чыгарыла электигин билбейт окшойт. Билсе, жогорудагыдай пародоксалдуу  сунушту жалпы элге жарана кылмак эмес. Биз депутаттардын ооздоруна эмне келсе ошону сүйлөй беришерине көнүп деле калганбыз, бирок  жалпы мамлекеттик мааниси бар маселелерди козгошкондо аны акыбалдары жетишинче такташтырып жүрүшсө деген гана каалоону айткыбыз келет.

Каныбек Исаков деген ким? Ал тамсилдер боюнча диссертация жактап, илимдин доктору болгон, ОшМУнун филология факультетин бүтүп, министр болгонго чейин университеттеги жаштар уюмун жетектеп, анан ректорго кеңешчи, проректор болуп иштеген. 2011-жылдан 2018-жылга чейин ОшМУну жетектеп, анын материалдык-техникалык базасын чыңдоодо чындыгында чоң иштерди аткарган. Ачыгын айтуу керек, билим берүү жана илим министри болуп дайындалгандан кийин демилгелүүлүгү менен айырмалана албады. Келип кетме көп министрлердин бири болду. Мүмкүн, анын министрлик жөндөмү акырындап ачылат беле, бирок октябрдагы кадрдык алмашуулар анын ал карьерасына чекит койду.

Ал эми Темиркул Үмөталиев деген ким? Ал алгач комсомолдук, кабарчылык иштерде иштеп, анан кыргыз адабиятын негиздөөчүлөрдүн бири болуп, СССР жазуучулар союзунун 1934-жылдагы 1-съездине катышып, анан Кыргызстандын Жазуучулар союзун түптөп, анын алгачкы жетекчилеринен болгон, инсан катары жарандарда сейрек кездешчү көкжалдыгы, принциптүүлүгү менен айрымаланган  адам. Улуу Ата Мекендик согуш 1941-жылы 22-июнда башталган, ал эми Темиркул Үмөталиев согуш болоорун компетенттүү адамдардан  алдын ала билип 1941-жылы апрелдин аягында Кыргыз ССРинин аскер комиссары И.В. Панфиловдон  аскерге жиберүүнү суранган. Панфилов  Кыргызстан КП (б) БК менен макулдашкандан кийин гана аны  саясый кызматкерлердин эки айлык курсуна жиберген. Же башкалар аскерден, кийинчерээк согуштан кантип калып калууну ойлоп, ондогон шылтоолорду издешсе, ал кыргыз акын-жазуучуларынын ичинен өз ыктыяры менен согушту аскерде жүрүп тоскон.

Т.Үмөталиевдин согуш мезгилинде жазгандары, өзгөчө анын поэмалары кыргыз поэзиясынын согуш мезгилиндеги туу чокусу катары эсептелет.

Жердин бетин кызыл жалын каптады,

Койдой  жайнап танк тебелеп таптады.

Баарынан да батып кетти жаныма,

Биздин жерде биздин кандын акканы.

Уккун, жердеш, уста болсоң ок жаса,

Ким болсоң да, билгин жоого көр каза.

Самолет, танк, кийим-кече баарын бер,

Жерди сакта, душман менен кармаша!- деп чыныгы эл-жер үчүн жаны күйгөн гана акын  айталмак. Т.Үмөталиев ата мекенди коргоо, ал үчүн өмүрдү да аябоо, эрдик, каармандык жөнүндө ырларын тылда жатып алып же согуш аяктагандан бир нече жылдан кийин эмес (андайлар да болгон), кан майданда от, кан кечип жүрүп жазган. Анын согушта жүргөндө жазгандары өзүнчө чоң баага, изилдөөгө татыктуу. Ал:

Кайран өмүр жашчылык,

Өтүп барат шаштырып.

Кыздар өткөн бетимди,

Кыл сакалга бастырып, -дегендей  не бир сонун лирикалык ырлардын да автору. Биз бул жерде акындын чыгармачылыгын талдоо оюбузда жок, ал макаланын  максатына кирбейт, анын  поэзиясынын негизги өзгөчөлүктөрүн эске салып кеттик. Мындан ары акын менен көп жылдар бою бирге иштешкен, аны адам катары да жакшы билгендердин бааларын келтире кеткен туура деп ойлойбуз.

“Темикебиз отузунчу жылдардын башталышында улуу Горький тарабынан уюштурулган СССР Жазуучулар союзунун 1-уюштуруу сьездинин делегаты болгон,- деп жазат “Журт агасы Темикем” деген эскерүүсүндө чыгаан мамлекеттик ишмер, Кыргызстанды дээрлик 25 жыл жетектеген Турдакун Усубалиев, - Ошол съездге Кыргызстандан А.Токомбаев, К.Маликов, Ж.Бөкөнбаев, К.Тыныстанов, Т.Үмөталиев катышышкан болчу. Союздук съездден кайра Кыргызстанга келип Т.Үмөталиев Кыргыз Республикасында жазуучулар союзун уюштурууга активдүү катышып, 1937-жылдан 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушка аттанганга чейин Союздун төрагасы болуп иштеп турган. Кыргызстан Жазуучулар союзун жетектеп турган 4 жыл ичинде Т.Үмөталиев аткарган иштердин көлөмү өтө көп. Мисалы, Темике анда кыргыздын эң байыркы кенже эпосторунун баарын жыйнатып, жаздырып, аларды бүт бойдон өз-өзүнчө китеп кылып, көп нускада бастырып чыгарган. Темиркул Үмөталиев жыйнаган кенже эпостор бүгүнкү күндө да кыргыз элинин ата мурасы, баа жеткис энчисине айланды. Ушуга эле катар Темике ал кезде көпчүлүк анча тааный элек улуу манасчы Саякбайды борборго алдыртып келип, "Манастын" “Семетейге” чейинки негизги варианттарын жаздырып алган. Ал учурда Кыргыз Республикасы өтө жаш, жарды болгондугун эске алып, Темике аталган кенже эпостор менен “Манасты” жаздырып алууга кетчү чыгымдарды бүт бойдон Москванын Жазуучулар союзундагы литфондусунан бөлдүрүп алгандыгы дагы өз учурундагы эрдик эле.  Мындан башка акын Т.Үмөталиевдин баа жеткис эмгеги - ал өз учурунда улуу демократ акын Токтогулдун мурастарын жыйнатып, бастырып чыгарууга, пропагандалоого аябай көп күч жумшап, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты чектөө жөнүндө өкмөттүн токтомун кабыл алууга активдүү катышты”.

Турдакун Усубалиев бирөөлөрдүн эмгегине  чыныгы партиялык катаал сын-ченем, катуу талап менен мамиле жасаган,  жакшы баага аябагандай сараң адам болгон. Анын 9 томунда жакшы баага арзыгандар  өтө эле аз, акын-жазуучулардын арасынан жокко эсе десек болот. Бирок ал адамдын Т.Үмөталиевди акын, инсан катарында аябагандай жогору баалагандыгы  жогорудагы сөздөрүнөн көрүнүп турат.

“Ал полемикага келгенде эч кимден тайманбаган курч, чечен болчу, деп жазат Т.Усубалиев, -  Бирок, көкүрөгүнө кек сактабаган ак пейил жан экендигин да жакшы билебиз. Темике кыргыз элин өрөөндөргө бөлбөгөн, жердешчиликти, уруучулукту жек көргөн эл-журттун накта айкөл уулу эле. Темике кыргыз элинин биримдигин көздүн карегиндей сактап, улуттар арасындагы ынтымакты кыйшаюусуз жактаган асыл сапатын да билебиз”.

Ал эми Чыңгыз Айтматов: “Темикем - улуттук табылга” деген макаласында “Кантсе да Үмөталиев – улуттук табылга. Эң негизгиси ушунда... Темикем жыйналыштарда принципиалдуу пикирлерин билдирип турган, ал өзүнүн сөзүнөн кайра тартпаган адам эле, кээде катуурак айтып койдубу деп да ойлоп кетер элек. Ал сөздүн баркын, наркын терең билчү... Ал киши өзүнчө эле жандуу энциклопедия болчу. Тарыхый окуяларды, жер-суу аттарынын чечмеленишин, легенда-уламыштарды жакшы билип, төкпөй-чачпай айтып берчү. Ал турсун “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү  жакшы айтаарына күбө болдум”, -деп жазган.

Адабияттын тарыхында акындын же жазуучунун чыгармалары  автордун инсандык калькуляцияларына толук иденттүү болуп калган учурлары сейрек кездешет. Ал эми  Т.Үмөталиев  өзү ачык - айрым, эч кандай куулук-шумдугу жок, баладай  ишенчээк, бирок пикирине, позициясына бекем турган инсан болсо, поэзиясы да так ошондой тоо  суусундай шар кеткен, эч кандай          жасалмалуулугу, ойкуштанмалары жок  чыныгы дилден атырылып чыккан саптардан.

1998-жылы ОшМУга Т.Үмөталиевдин ысмын берүү жөнүндө Өкмөттүн токтому чыккан менен ал ошердеги  жердешчил, аймакчыл, жекече кызыкчылыктары  барлардын  кутумдуктарынан улам аткарылган эмес. Эми алар алабарман эл өкүлүнүн оозу менен өз пландарын жараналап, ишке ашырганы жатышат. Эмне дейбиз? Ал аймактык, жердештик гана эмес, анда иштегендердин  инсандык  жана моралдык сапаттарына,  маданий жана руханий  деңгээлдерине байланышкан да маселе болгондуктан биз өз пикирибизди гана айттык. Калганын өзүңүздөр таразалап көрүңүздөр.

 

Бакай Чилтегин, Булак: “Майдан. kg” гезити