Печать
Категория: Коом
Просмотров: 135

Чыңгыз Айтматовду өмүрүмдө эки-үч жолу эле жанынан көргөмүн. Биринчи жолу студенттик кезде сааттын алдындагы Кыргыз почтасынан гонорар алууга барганымда менин артыма келип кезекке туруп калды. Алдыбызда беш-алты пенсионер кемпирлер. Ушундай улуу адам менден кийин кассага кезекке туруп алганына мен бир чети  толкундап, бир чети сүрдөп кеттим.  Сүйлөй албай "алдыга өтүңүз" деген сөздү араңдан зорго айтканым эсимде.  Башын ийкеп, "тура бер" дегенсип койду. Же тиги кемпирлердин иши бүтпөйт. "Айтматовду күттүрүп койдук!" - деп ичимен уйгу-туйгу болом. Акыры кезек мага жеткенде болбой эле Чыңгыз авамды алдыга өткөрдүм. Кассир кыз дагы менчелик толкунданар десем, жок: 

  - Гонорар келди деп чалышты эле.
  - Аты-жөнүңүз?
  - Чыңгыз Айтматов.
  - Паспортуңузду көрсөтүңүз? - дегендей диалог жүрүп жатты. 
   

"О Кудай, Чыңгыз Айтматовду тааныбайбы бу!" Жаңылбасам, жазуучу ошондо Орусиянын бир басылмасына жарыяланган чыгармасына калем акы алгандай болгон. 
 

- Рахмат, кызым,- деди да улуу жана эң жөнөкөй адам сыртка чыгып кетти. 
  - Аты-жөнүң ким? Сага айтып жатам! Ай, бала, бери кара!  
 

...Көрсө, улуу адамдар жөнөкөй болот тура. Чыңгыз Айтматовдон башка бирөө болсо, ошол жерге сөзсүз түрдө шуба кийип келмек, балким. А балким, басып келмек да эмес...

Ибраим Нуракун уулу