Печать
Категория: Коом
Просмотров: 491

Бүгүн, 12-декабрь улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Жазуучу Султан Раев залкар адам тууралуу эскерүүсүн соцтармактагы баракчасына жазды:

"2004-жыл. Чынгыз Төрөкулович менен макулдашып, Ала-Арчадагы үйүнө кечинде бармак болдум. Чыкебиз менен адабият тууралуу кеп кылсакпы дегенибиз. Эки иштен бир иш дегендей көптөн бери залкар менен кеңири маек жасасамбы деп да жүргөмүн. Эгер макул деп калса оңдой берди болуп бир топ суроолорума жооп алсамбы деген түпөйүл маселе турду. А кезде мен "Азаттыкта" иштеп жүргөм. Кайдан-жайдан кечинде Чыкеме барам деп Жаркын Темирбаевага айта салбаймбы. Ал мени менен иштей турган. Жаркын эженин мүнөзүн, тикеден чыга калып суроо берип иймей мүнөзүн билер элем. "Эже, макул бир гана шарт менен мен эле суроо берем. А сиз үн дебей микрофонду кармап турасыз",- дедим. Эже эптеп эле мени менен бара турганына корстон болуп, "сен эмне десең ошо",- деп калды.

Кечинде Ала-Арчадагы Чыкемин үйүнүн алдынан жолукмай болдук. Кечки саат 7де мен келдим. Болжошкондой. Бир аз өтпөй Жаркын эже келип калды, жөн келбей кичи кызын ээрчитип алыптыр. Эмне дейм? Кызыңызды тим эле койбойсузбу деймби? А сөзгө жеткирбей эле Жаркын эже "Чыкебизден кызыма бата алып берейин",- деди да. Менин сөзүмдү жап кылды. Үчөөбүз тең Чыкемин үйүнө кирдик. "Ке, Султан кандайсың, бу карындашымды тааныбайт экем",- деп калды. Мен тааныштырдым. Эженин кызын көрүп: "Бу периште кыз, сенин кызынбы?"- деп калды. "Жок, Чыңгыз агай, бу менин кызым, сиз менен жолугушууга баратам десем, ой-бойго койбой ээрчип алды",- деди ыңгайсыздана Жаркын эже... "Бала деген периште...",- деди Чыкем. "Жакшы болот". "Чыңгыз агай кызыма бата берип койсоңуз өмүр бою унутпай жүрөт",- деп Жаркын эже өзүнө батпайт.

Ошентип, түндүн бир оокумуна чейин сүйлөшүп отурдук. Чыкем үйгө кийген чоң халатчан. Менин суроолорума да жооп берди. Чыкем менен азыркы мезгил, глобализация, адабият, ыйман, бийлик, генийлик менен тирандык... Айтор, көп маселе тууралуу сүйлөштүм. Кийин ал маегим "Сүйүүдөн аалам жаралган, сүйүүнүн өзү түбөлүк" деген ат менен чыккан. Чыкемин 7 томдугуна эң мыкты маек катары кирген...

Бир маалда чайда ичтик, даам да сыздык. Саат 12ден өтүп кетти. Жаркын эже: "Чыңгыз агай, сиз менен сүрөткө  түшүп алсак болобу?"- деп калбасыпы. "Сүрөткө халатчан түшсөм болбойт го, кийинип чыгайын",- деп калды. Биздин ушундай деле болот дегенибизге болбой аркы бөлмөгө кирип кетти. Мен болсо Жаркын эжеге саатты көрсөтүп, канча болду? Сүрөткө башка күнү түшөт элеңиз го деп калдым. Чыкем костюм-шым, галстук тагып чыкты. Биз сүрөткө түштүк. Бир маалда эже кызына бата сурап калды. Чыкем сонун бата берди. Эми баары бүтүп чыгайын деп калганда, баягы Жаркын эжем "Бир суроо берсем болобу?"- деди. "Бер, бере бер",- деди Чыкем.

"Чыңгыз агай, сиз өмүрүнүздө Бүбүсарадай эч бир аялды сүйбөсөңүз керек!"- деп күтүүсүздөн суроо бере салды. Суроону угары менен Чыкем столго отура кетти, мен турам жер жарылып кетсе кирип кетейин деп. Аркы бөлмөдө жеңебиз.

Чыкем отурду да "Уух!.." -оор үшкүрдү да, терең ойлуу гана кыска кеп айтты: "Ал ошондой",- деп.

Чыкемин үшкүрүгүнөн Улуу сүйүүнүн жанар тоодой болгон күчүн да, кусалыкты да, муңду да, бактысын да, арманын да, кайгысын да, кубанычын да сездим.

Бул үшкүрүк кулагыман өмүр бою кетпей жүрөт... Ал Адамдык улуу сезимдин үшкүрүгү эле..."