Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурунку орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыяланды.
Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Жеке ишкерлер Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, зер буюмдарын аткезчилик жол менен ташыган факты сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Анын алкагында, бул кылмышка УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Болот Сүйүмбаевдин катыштыгы бар экендиги тууралуу далилдер табылган жана ал бир нече жолу суракка чакырылган.
Суракка келбегенине байланыштуу Сүйүмбаев Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “экономикалык аткезчилик” беренелеринин негизинде издөөдө жүргөн.
Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Болот Сүйүмбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын да жетектеген.
Булак: Маралфм