Печать
Категория: Коом
Просмотров: 226

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 8-декабрда «S7» авиакомпаниясынын Новосибирск-Тамчы-Новосибирск багыты боюнча алгачкы чартердик каттамын жүргүзгөн учакты тосуп алды. Аны менен 169 жүргүнчү учуп келди.

«Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы бул каттам эми жума сайын бир жолу — шейшемби күндөрү жүргүзүлүп турарын билдирди.

Маалыматка ылайык, Новосибирск-Тамчы-Новосибирск каттамы Кыргызстанда кышкы туризмди өнүктүрүү максатында ачылды.

Аэропорт пандемия маалында адамдарга коронавирус оорусун жугузбаш үчүн коргонуучу бардык чараларды көрүүдө.

                

 

 

Булак: Элгезит