Бүгүн, 7-декабрдан тарта Ош шаарында Патрулдук милиция иштей баштады. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Учурда Ош шаарындагы 11 көчмө топ жана 30 жөө кайгуул кызматкери эки мөөнөттө иштеп жатышат.
Алар эртең мененки саат 8:00дөн баштап 102 кызматына чакыруу түшкөн маалда окуя катталган жерге барышат. Ал эми жөө жүрүүчү кызматкерлер өздөрүнө бөлүнүп берилген аймактагы коомдук коопсуздукту көзөмөлгө алышат.
Ош шаарындагы патрулдук милиция жеке эле жол коопсуздугуна эмес, жалпы коомдук коопсуздукка көзөмөл кылат. Милиция дайыма кыймылда болуп, өзүнө бекитилген аймакты кыдырып, мыйзам бузууларды каттап, кылмыштуулуктун бетин ачып, жарандарга укуктук тейлөө кызматтарын көрсөтүшөт.
Булак: Маралфм