Печать
Категория: Коом
Просмотров: 148

Бул тууралуу ал өзү Фейсбук баракчасында билдирди.

“2-декабрдагы жолугушуубузда өз ара түшүнүктө, бир туугандык мамиледе өттү. Мунун чоң себеби шайлоо алдындагы Программаларыбыз да окшоштугу болду. Садыр инимди Кудайдан гана корккон намазкөй бир тууганым катары билемин. Ошондуктан өтө ыймандуу, сабырдуу, эрктүү инсан катары бийликтин бардык кысымына, куугунтугуна, адилетсиздикке чыдады, абакта олтурганда атасын, энесин, уулун жоготкондо да сынбады, ийилбеди!  Президенттик шайлоолордун бардыгына катышып келдим.

Эми президенттик шайлоо тазараак өтөт деген үмүттөмүн. Дагы деле менин ушул чечимимди түшүнбөгөндөргө кошумча үч себепти айтайын:

– түндүк-түштүккө болбогон, трайбализм оорусу жок саясатчыларды бир колдун манжалары менен эле эсептесек болот. Ошолордун бириси – Садыр Жапаров. Же Садыр элди экиге бөлүп жатканын уктуңарбы? Тагай бийдин урпагы катары дайыма элди ынтымакка чакырып, жалпы элдик кызыкчылыктарын коргоп келген;

– А.Акаевке, К.Бакиевке, А.Атамбаевка альтернативдүү программаларым менен президенттик шайлоолордо атандаш болгонмун. Азыр Жапаров менен программабыз окшош болсо, кантип элге экөөбүз чыгабыз?! Ошондуктан, элдин оозунда көбүнчөсү Садыр Жапаров айтылып туугандарым мен анын пайдасына шайлоодон чыгып кеткеним – замандын талабы! Жеке кызыкчылыкка караганда элдин кызыкчылыгы жогору туруш экендигин туура түшүнөмүн”, – деп жазат Турсунбай Бакир уулу.

Булак: Элгезит