Кудайга шүгүр дейли, Кыргызстаныбыздын элинин саны жылдан жылга көбөйүп жатат. Ошол эле мезгилде экономикалык, саясий туруксуздуктардан улам өлкөдөн сыртка агылган мигранттардын саны да көбөйүүдө. Мигранттардын агымы боюнча абал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстан менен Казакстанда оор экендигин «Дикая Азия» басылмасы жазып чыкты.
Алсак, 2020-жылы Кыргызстандан 3992 адам биротоло чыгып кетсе, 899 адам өлкөгө келген. Ал эми Казакстандан 2020-жылдын 9 айында 21 079 адам чыгып кетсе, 9233 адам өлкөгө отурукташуу үчүн келген.
Булак: «Майдан. kg» гезити