Печать
Категория: Коом
Просмотров: 134

Бул тууралуу баш калаанын вице-мэри Айжан Чыныбаева билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн жана мэриянын социалдык-экономикалык тармактагы объектилердин ишмердүүлүгүнө уруксат берүү тууралуу токтомуна ылайык жана ишкерлердин бир нече жолку кайрылууларын эске алуу менен кинотеатрлар, фудкорттор, компьютердик клубдар жана башка жайлар кайрадан ачылууда.

«Кинотеатрларда адамдар бири-биринен шахмат сыяктуу алыс отурууга милдеттүү болот. Орундардын 50%ы  гана толушу керек деген талаптар коюлду. Балдар ойной турган аянтчалар боюнча да ошондой талап. Ооругандар көбөйсө кайра жабабыз», - деди ал.

Чыныбаева ар бир жайдын жетекчиси убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоого, тийиштүү шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү экенин эскертти.

Ал эми эл көп чогулуучу иш чараларга азырынча уруксат бериле элек.

24-ноябрда өкмөт коронавируска байланыштуу жабылган мекеме-ишканаларды кайра ачуу боюнча жоопкерчиликти өзүнөн алып, жергиликтүү бийлик органдарына өткөрүп берип жатканын маалымдаган. Ишин уланта баштаган мекеме-ишканаларда тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык жана башка талаптар сакталышын жергиликтүү бийлик өзү көзөмөлдөп, жооптуу болору айтылган.

Ал эми жогорку окуу жайлар Жаңы жылдык майрамдан кийин студенттерди кабыл ала тургандыгы маалымдалууда.

“Майдан-пресс”, Булак: «Майдан. kg» гезити