Кыргызстандын мурдагы биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев 30-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматта (Финпол) эки саат суракта болду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур билдирди.
Анын айтымында, сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин "мыйзамсыз баюу" деген 323-беренесинин негизинде жүрүп жатат:
“Тергөөнүн жүрүшүндө Сарпашев Токтогул районунда жайгашкан мурда сатылып алынган жана өзүнүн жакын туугандарына катталган 500 гектар жайыт жерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтаруу ниетин билдирди”.
Финполдун маалыматына караганда, тергөө уланууда жана кийинки жумада Сарпашев жогоруда аталган жер тилкелерин Токтогул районунун Торкен айылынын балансына кайтарып берет.
Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү баштаганын Финпол 27-ноябрда кабарлаган. Мекеменин маалыматына караганда, «ал мамлекеттик мекемеде жетекчилик кызмат ордун ээлеп турганда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алган, кийин аны декларацияларда көрсөтпөстөн жакын туугандарына каттаган».
Финпол Сарпашев 2016-жылы мурдагы президенттин уулу Максим Бакив менен байланышы бар адамдарга катталган мүлктү камактан мыйзамсыз чыгарууга тиешеси болгон деп айыптап, быйыл 11-ноябрда анын үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Мындай айып ага 2017-жылы да коюлган.
Эми Т. Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп турганда Кыргызстандын жарандарынын паспортунан “улуту” деген графаны алып салуу тууралуу да түшүнүк берип, кайра ордуна келтирсе, улутубузга келтирген кыянатчылыгы кайтарылып, элдин каргышынан кутулган болор эле.
Булак: «Майдан. kg» гезити