Печать
Категория: Коом
Просмотров: 219

Бахрейн жана Кувейт сыяктуу Араб мамлекеттеринен келген кайрымдуулук фонддору Кыргызстанда социалдык объекттерди куруп берүүнү күчөттү. Алар турак-жай салып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бекер беришүүдө. Ошондой эле,  мектеп, ФАП, бала бакча сыяктуу социалдык курулуштарга демөөрчүлүк кылышууда.

Атап айтканда, бахрейндик “Ассанабил” фонду жакында эле Жалал-Абад шаарында жаңы мектеп имаратынын пайдубалына капсула салды.  Шардык мэриянын маалыматына ылайык, аларга шаар аймагынан 1,25 гектар жер аянты бөлүнүп берилет. Ал жерди өзүнчө шаарчага айландырышат. Мындан сырткары, бул фонд да бир канча соцобъекттерди куруп берди.

Ал эми кувейттик «Ас-Сафа Борбору» Коомдук Бирикмеси Ош облусунун Араван райнуна 100 млн. сомго бааланган жаңы, эки кабаттуу төрөт бөлүмүнүн имаратын куруп берди. Ошондой эле, Өзгөн жана Алай райондоруна социалдык шаарча деп аталган үйлөрдү бекер берүү үчүн салып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даярдап жатышат.

Албетте, араб мамлекеттеринин айыл элинин жашоо-турмушун жакшыртуу максатында социалдык объектилерди куруп берип жатышы кубанычтуу көрүнүш жана аларга ыраазычылык билдиребиз.

Булак: «Майдан. kg» гезити