Печать
Категория: Коом
Просмотров: 161

Бишкек шаарында ИИМдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматына издөөдө жүргөн адамдын жүргөн жери жөнүндө маалымат келип түшкөн. Аны кармоо максатында ИИМдин Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында борбор калаада уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын 1988-жылы туулган тургуну А.Р. кармалды. Ал криминалдык авторитет Рыспек Акматбаевдин жакын тууганы.

2016-жылы жазында А.Р. Бишкек шаарынын жашоочусунун ишенимине кирип, алдоо жолу менен анын «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасына ээлик кылып, башкаларга сатып, 4000 доллар өлчөмүндө материалдык чыгым келтирген. Октябрь райондук ички иштер бөлүмү ага издөө жарыялаган.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматы кармалган жаранды Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүп беришти. Учурда анын башка кылмыш иштерине катыштыгы бар же жоктугу такталууда.

Шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Булак: Баракелде