Эч кимге айтпай жашырып койдум эле ушул окуяны. "Эмне эле өкмөткө асылып, жаман көрүп турасың?" - дейт бир дос. Ыгы келип турат жазып калайын анда, дедим. Өкмөттү жаман көрбөйм, мекенимди сүйөм, бирок мамлекетти гүлдөтө албаган, жаштарды колдой албаган, эгемендүүлүкө отуз жыл болсо да элин камсыздай албаган, өкмөткө болгон таарынычым чоң. Анда эмесе кеп башынан....
"Кыргызстанга барганда эмне кыласың, визаң бүтсө деле кетпе, кал бул жакта эле", - дешти Бельгиядагы жердештер. Эки жыл өтүп жеримди сагынгангабы же аларга окшоп документи жок түрткүнчүк болуп жүргүм келген жокпу айтор көгөрдүм. "Окууга өтсөм калам, өтпөсөм кетем", - деп. Кошуна француз чал бар эле Кыргызстанга келип кетиптир саякаттап. Ал дагы капталдан чыкты. "Силерде монополия иштебейт экен. Айлык 20 евро ашып кетсе 60 евро экен, ал эми продуктун баасы болсо биздикиндей эле. Кантип жашайсыңар?" деп. "Сиз бир эле жума жүрүп келдиңиз да, эч нерсе билбей эле сүйлөй бербеңиз бизде андай эмес", - деп койдум. Акыры келдим, окуумдун бир жылы калган бүткүчө майда -барат жумуштарда иштедим котормо, жеке сабак өтүп. Айтор, окуумду бүтсөм колума диплом тийсе эле кыйратчудай болуп күттүм дипломду. Дипломду алып эле шаардын эң кыйын лицейине кирдим мугалим болуп. Ушуну иштей турсам анан Универитетке экинчи график менен кирип алам деген жакшы тилек менен. 2010 -жылдын сентябрь айынан октябрь айына чейин күнүнө саат 8 00 ден түшкү 14 00 мектептемин. Сабагынан да кагаз толтурмайы бир узун жомок. Анысына деле кайылмын баш -отум менен жумушума берилип. Анан эле айлык алган күнү барсам туптуура 2800 сом деп эсептеп берип жатышпайбы. Ыза болдум, жиним келди, ыйладым, буркан шаркан түштүм. Эмнеге мындай десем стажың жок, анан классың жок дагы дагы бирдемелерди айтышты. Ошондо жумасына 5 күн күнүнө 5 сааттан иштегенге 2800 сом экен айлык (30евро
), кай бирде суббота да келгиле дейт. Ойлонбой туруп дароо иштебейм дедим. Арыз жаз, анан күт, анан жарым жыл иште анан дешти. Бирин да уккум келген жок. Чыкпайм жумушка эртенден баштап дедим да кетип калдым. Же шаарда үйүм жок, кыздар менен квартирадамын айына 2500 сомдон төлөйбүз, ошондо калган 300 сомуна бир ай жашашым керек экен да. Өкмөткө жиним келди, таарындым. Аркамды карабай басып кеттим. Тааныш, дос, туугандар чыдасаң балким көтөрүлөт дешти. Мүнөзүм токтоо, сабырдуу башкача болгондо балким чыдайын демекмин, а менин жакпаса, ыза болсом шарт бурулуп басып кетме ит кыялым бар ошонум кармады да басып кеттим. Кетем же өзүм бир иш ачам, экинчи өкмөттүн ишине иштебейм деген шартты койдум өзүмө. Документтеримди Канадага иммиграцияга өткордүм да жообу келгиче деп жарым жылдай жеке ишкандаларда окуу жайларда иштедим. Канададан жооп кечиккен соң, агамдын жардамы менен өз ишимди баштап алдым. Бир жыл өтүп мээнетимдин үзүрүн жаңы көрүп очор бачар болуп калганда Канададан жооп келди "Тезинен бир айдын ичинде Москвага барып виза бастырып Канадага келип регистрацияга тур" деген үч күн чачым агаргыча ойлондум. Кетсемби же калсамбы? деп. Акыры кетпейм, мекенимде эле болом бирок өкмөткө иштебейм деп кала бердим. Андан бери он жыл өттү, кудайга шүгүр, мамлекет мага эмес мен мамлекетке төлөп жашап келе жатам. Өкүнбөйм. Ошол мектепке мени менен чоогу бир таанышым кирди эле дале иштейт экен. Айлык көтөрүлдү беле десем ооба дейт 12000 сом экен айына. Он жылдан бери базар баасы он эсе көбөйсө айлык араң гана 12000 сом болуптур. Аман бол өкмөт....
Көбү азыр айтып жатышат өкмөттөн түңүлдүк деп, а мен мындан он жыл мурун эле түңүлгөм. Окууну жаңы бүтүп там тум баскан баладай жаңы гана жашоо нугуна түшүп жаткан бүтүрүүчүнү колдоп алгандын оордуна безе качырган биздин өкмөттөн ошондо эле бар үмүтүм өчкөн. Ал эми мен сыяктуу ыза болуп, жеке иш да ачпай, биротоло башка өлкөгө кетип калгандар канча?....
Ушул пост менен бүтүрөйүн деп чечтим. Экинчи нааразычылык жазбайын дедим ажосуна да, жогорку кеңешине, өкмөтүнө да....
мекеним бар, эне тилим бар, сагынтып чакырып турган Асылбаш айылым бар, ошол кичинекей айылымда апам менен атам аман ошонусуна шүгүр....
калганына амандык тилейм, алдайбы, жейби, ичеби өздөрүнүн иши айтор бар болушсун...
Бактыгүл Иманбек кызы