Печать
Категория: Коом
Просмотров: 150

Ырчы Бек Борбиев согуш убагында дагы концерттик иш-чаралар токтотулбаганын айтып, учурдагы КР Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековго нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-ноябрда Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

“Ата Мекендик согуштун убагында дагы концерттик иш чаралар токтотулган эмес. Маданият министри дааватчы дегендей эле бар окшойт, болбосо базарлар, чоң тойканалар иштеп баштаса, биздин таламды талашпайбы?” – деп нааразы ырчы мырза.

                       

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус инфекциясы жайылгандан бери бир катар чектөөлөр киргизилген. 22-марттан тартып өлкө боюнча өзгөчө кырдаал, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Өзгөчө абал режими алынгандан кийин четинен тармактардын иштөөсүнө уруксат бериле баштаган. Учурда өлкөдө өзгөчө кырдаал режими уланууда. Кинотеатрлар менен фуд-корттор 1-декабрдан тарта иштеп баштай турганы, иштөө убактысы чектелбей турганы, тойкана, ресторандар үчүн өзүнчө алгоритм иштелип чыга турганы белгилүү болду.

Булак: kyrgyztoday.org