Печать
Категория: Коом
Просмотров: 107

 Бүгүн, 27-ноябрда эртең менен Бишкек шаарындагы Аламүдүн базарынын жанында ири өрт чыкты. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын алдын ала маалыматына караганда, Жибек-Жолу менен Буденый көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндөн өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө саат 08:47де Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган.

Булак: Баракелде