Бишкекте бүгүн, 26-ноябрда “Азыркы дүйнөбий мамлекеттеги ислам: конфессия аралык кызматташтык тажрыйбасы” деген темада эл аралык конференция өттү. Аны уюштурган Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, конференция дүйнөдөгү азыркы диний абалды, ислам дининин дүйнөбий мамлекеттеги ордун жана ролун, конфессиялар ортосундагы кызматташтыкты талкуулоо, диний тармактагы демократиялык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана диний негизде басмырлоону же радикалдашууну алдын алуу максатында өткөрүлдү.
Конференцияда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун иш-чаранын катышуучуларына жолдогон кайрылуусу окулду.
Ал өз кайрылуусунда бүгүнкү күндө эгемен Кыргызстан дүйнөбий өлкө экенин белгилеп, бир дагы дин мамлекеттик же карманууга милдеттүү деп таанылбай турганын, себеби дин тутуу эркиндиги Конституция менен кепилденгенин айтты. Ар бир жаранга каалаган динин тутуу же эч бирин тутпоо укугу берилгенин, ошондуктан Кыргызстан көп конфессиялуу өлкөгө айланганын, түрдүү диндерди тутунган эл ынтымакта, биримдикте эгемен өлкө куруп жатканын белгиледи.
Ошону менен катар Мамытов диний жааттагы уюмдардын натыйжалуу иштешине шарт түзүү мамлекеттин милдети деп эсептей турганын, мамлекеттик органдардын диний уюмдар менен биргелешип экстремизмге каршы күрөшүүсү — мезгилдин талабы болуп жатканын кошумчалады.
Мамытов белгилегендей, Кыргызстан дин туткан адамдардын эл аралык келишимдерде жана ички мыйзамдарда көрсөтүлгөн укуктарын так аткаруусу керек экенин, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугу бардык конфессиялардын өнүгүүсүнө толук эркиндик берилүүсү менен ишке ашарын айтты.
Конференцияны уюштурууга Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги программалык кеңсеси жардам берди.
Кыргызстан мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мамлекет экени Конституциянын 1-беренесинде жазылган. Соңку күндөрү Баш мыйзамдан бул норманы алып салуу же өзгөртүү тууралуу сунуштар айтылып жатат.
Булак: Азаттык