Печать
Категория: Коом
Просмотров: 116

Конституциялык кеңешменин ишине катышууну каалагандардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу жана конституциялык реформаны ишке ашырууда бардык тараптын пикирин эске алуу максатында анын курамы өзгөртүлүп, дагы он киши жаңы кошулду. Бул жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу, парламент спикери Талант Мамытов кол койгонун президенттин аппараты маалымдады.

Жаңы кошулган адамдардын тизмесин көрүү үчүн бул жакка кириниз.

http://www.president.kg/kg/okujalar/zhanylyktar/18275_konstituciyalik_keeshmenin_kuramina_zgrtlr_kirgizildi

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, демилгечилер 80 депутат экени айтылды жана алардын тизмеси жарыяланды.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен 20-ноябрда курамына 89 киши кирген Конституциялык кеңешме түзүлүп, ошол эле күнү кеңешме Жогорку Кеңештин сайтына 17-ноябрда жарыяланган Конституциянын долбоорун талкуулоого киришти.

Долбоорду колдогондор, эгер ал кабыл алынса, анда Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат.

Коомдук-саясий чөйрөдө бул долбоорду сындагандар болсо «Кыргызстан авторитардык президенттик башкаруу түрүнө кайтып, ал түгүл президент хан сыяктуу кеңири бийликке ээ болгону жатат» деген кайчы пикирлерин айтууда. 22-ноябрда жарандык активисттер Бишкек шаарында Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы нааразылык жүрүшкө чыгышкан.

Булак: Азаттык