Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Орусия берген гуманитардык жардамдын наркы — 8 миллион доллар. Ал каражатка жакыр жашаган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында тогуз миң тонна азык-түлүк сатып алынды.
Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте азык-түлүктү тапшыруу болуп өттү, эми аймактардагы муктаж үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт.
Элчилик бул долбоор БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте ишке ашырылып жатканын кабарлады.
Орусия мындан тышкары, Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун бекемдөө боюнча башка да долбоорлорду каржылоону улантат. Анын ичинде башталгыч класстарды ысык тамак менен камсыздоо долбоору бар.
Булак: Маралфм