Печать
Категория: Коом
Просмотров: 53

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-ноябрда УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев жалпыга маалымдоо каражаттарына видео кайрылуу жасаган Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновду кабыл алган. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө УКМК башчысы М.Сайпидиновдун арызын угуп чыгып, тиешелүү бөлүмдөргө видео кайрылуудагы баардык маалыматтар объективдүү жана ар тараптуу изилдеп чыгуу тапшырмасын койгон.

Өз кезегинде К.Ташиев УКМК саясаттын тышкары деп баса белгилеп, саясий жана башка мотивдер боюнча куугунтуктоо менен алектенбегендигин билдирген.

Булак: reporter.kg