Печать
Категория: Коом
Просмотров: 47

Конституциялык кеңешменин мүчөсү Кадыр Кошалиев бүгүн, 23-ноябрдагы жыйында Кыргыз Республикасынын аталышын өзгөртүүнү сунуштады.

Кошалиев өлкөнүн атына “эл” деген сөздү киргизүү керектигин, бул бийликке элден чыккан адамдар келет деген ойду айтты. Ошентип, анын пикири боюнча, “Кыргыз Эл республикасы” биздин өлкө үчүн эң мыкты ат болот.

Ошондой эле ал элдик бийлик менен мамлекеттик бийликти бири-бири менен кынаштырып орду менен алып келген түйүн — бул Элдик курултай экенин белгиледи. Андыктан бул маселе боюнча Конституциялык кеңешменин өзүнчө бир жыйынын өткөрүп, жол-жобосун тактоону сунуштады.

Булак: reporter.kg