Печать
Категория: Коом
Просмотров: 146

Муну азырынча так билбейбиз. Бирок «шибегени капка ката албайсың», «кыңыр иш кырк жылда» демекчи, имиш кептер да жөн жерден чыкпастыгы белгилүү. Имиш кептерге ишенсек, Иса Өмүркулов менен Төрөбай Зулпукаров 5-октябрдын түнүндө Канттагы Ак-Тилек  өткөрмө пункту аркылуу Казакстанга кире качышканы айтылууда. Айтымда, аларды ал жактан «Таха» жана «Малыш» каймана ысымдуу адамдар тосуп алышыптыр. Бирок кайра Кыргызстанга кирерде кыйналышып, Казакстандын чек ара өткөрмө бекетиндегилерге 20 миң АКШ долларын беришкен дейт. Эгерде бул айтылып, жазылгандар чын болсо, анда Төрөбай Зулпукаровго айла жок экен го. Башкасы качса да, дал ушул Зулпукаров качпашы керек эле. Жээнбековдун бийлигинин тушунда «серый кардиналга» айланып, кадр маселелерин чечип, «Биримдик» партиясынын билерманына айланып, катуу кеткендиги  кечээги эле чындык.

Азырынча бул маалыматтар боюнча Иса Өмүркулов менен Төрөбай Зулпукаров унчугуша элек. Эмне дешет? Чын болсо унчукпай, жалган болсо өз чындыктарын айтышып, имиш кептерге чекит коюшабы?

 

Булак: “Майдан. kg” гезити