Печать
Категория: Коом
Просмотров: 338

Биз Тамиланын борбор калаанын четиндеги өнөрканасына барганыбызда ал жакында арабыздан өтүп кеткен таланттуу  төкмө акын Элмирек Иманалиев менен анын досу, чыгаан жазма акын Зайырбек Ажыматовдун  айкелдерин жасап жатыптыр. З.Ажыматовдун айкелин “Ынтымак” паркына орнотобуз” деп АКШдан Кыргыз Кылыч деген бирөө буйрутма кылыптыр. Тамиланын майда, чоң айкелдер текчелеринде, аларга батпагандары бурчтарда тизилип турган суук, чоң бөлмөсүн өнөркана деп атоо да кыйын. Аны бир туугандары куруп беришиптир. Ал бир катар бышкан кыштан тургузулган, шыптары бийик, анын үстүнө каалгасы түз эле  ачык асмандын алдына ачылгандыктан кичинекей электр меш  бөлмөдөгү сууктун тумшугун деле жылыткыдай эмес. Андай шартта эртеден кечке чейин ар кандай аралашмалар кошулган гипсти жууруп, айкелдерге чаптап иштөө  жеңил эмес.

“Искусство курмандыкты талап кылат” дешет. Албетте, искусствонун бир түрүндө айтарлык ийгиликке жетишүү -  көп убакытты, аракетти, мээнетти талап кылат. Көп нерселерден баш тартуу керек. Бирок мамлекет болбосо да, демөөрчүлөр жаңыдан таланты ачылып келаткан кыздын өнөрканасын да болсо, жылдын төрт мезгилинде тең кыйналбай иштегенге ыңгайлаштырып беришсе, Тамила Маматовага гана эмес,  кыргыз элине да чоң соопчулук кылышмак. Анткени, таланттуу скульпторлордун жасагандары да улуу сүрөтчүлөрдүн, жазуучу-акындардын илхамдарынан жаралгандардай эле элге калат. Ал эми Тамила Маматова чындыгында таланттуу  айкелчи, аны буга чейинки жетишкендери ырастап турат. Ар кандай көргөзмөлөрдө, сынактарда алган диплом, сертификаттары 30дан ашат. Алардын бир нечесинин сүрөттөрүн өзүңүздөр да көрүп турасыздар. Алар гана эмес, жаш айкелчилердин арасында өз  стили, үнү менен республикабыздан сырттагыларга да таанымал болуп бараткан   Тамила Маматованын таржымалы, ойлору, чыгармачыл пландары да сиздерди кызыктырат деген ойдо аны менен ушул маекти уюштурдук.

-Тамила, сенин колуңдан бүткөндөрдүн арасында Чыңгыз Айтматовдун өзүнө, чыгармаларындагы кейипкерлерге арналган чоң, кичине айкелдер көп экен. Сен бул темага кайдан, кантип кызыгып калдың?

-Мен мектепте окуп жүргөндө эле адабиятка кызыкчу элем. Айтматовдун “Биринчи мугалим”, “Жамийла”, “Саманчынын жолу” повесттерижакшы көргөн чыгармаларымдан эле. Мен ал убакта атактуу жазуучу-акындардын баары өлгөн деп ойлочумун. Анан Чыңгыз Айтматов айылдагы күүлүү-күчтүү аксакалдардай эле тирүү экенин укканымдан кийин ал кишиге жолугуп, сүрөтүн тартып, айкелин жасоо жөнүндө кыялдана баштадым. Тилекке каршы, ал тилегим ишке ашпады. Мен 2006-жылы орто мектепти бүтүрүп, 2007-жылы Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт Улуттук академиясына келип тапшырдым. 2008-жылы улуу жазуучу жарыкчылыктан өтүп кетти. Бирок алдайыма оюмда жүрдү. Академияны бүтөрдө дипломдук ишиме Айтматовдун айкелинжасайын десем, агайларым макул болушту. Анын үстүндө бир жылдай издендим, иштедим. Адегенде чыгармаларын окуп, фото, видео архивдерин карадым. Анан жыйырмадай эскизин, 4-5 фрагментин жасадым. Алардын жыйынтыгы менен жазуучунун бийиктиги үчметрлик айкелин бүттүм. Андан кийин менде жазуучунун чыгармалары боюнча өзүнчө галерея жаратсам деген план пайда болду. Мен ага чейин Айтматовдун “Чыңгызхандын ак булутун, “Кассандра тамгасын”, “Тоолор кулагандасын” окуй элек элем, китепканаларга барып, аларды окуп чыктым.

Жазуучунун 90 жылдык мааракесинде Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде менин “Менин Айтматовум” деген көргөзмөм болду. Ага чоң иштер менен кошо сүрөт, рельеф, чакан пластикаформаларында 76 эмгегим коюлду. Эмгектерим ал жерде эки жума турду. Аны жаш сүрөтчүлөр, айкелчилер да көрүштү.

-Биздин улутта аял кишилердин арасында айкелчилер түгүл, сүрөтчүлөр деле аз. Сен бул кесипти кандайча тандап калдың. Же ата тегиңде же үй-бүлөңдө өнөрпоздор, чеберлер бар беле?

- Маматай чоң атам атактуу темир уста болгон экен. Таянем шырдактарды, кийиздерди, туш кийиздерди жасаган чебер эле. А менин жашымдан эле колумдан ылай арылчу эмес. Ылайдан ар кандай буюм-тайымдарды, адамдарды жан-жаныбарларды жасаганды жакшы көрчүмүн. Жетинчи класска чейин скульптура эмне экендигин деле билчү эмесмин. Мен жетинчи класста окуп жүргөнүмдө Ызар айыл өкмөтүнө Төрөгелди Балтагуловдун сары түстөгү бюстун орнотушту эле, аны көрүп аябай суктанып, мен да ошого окшош бир нерсе жасагым келе баштады. Үйгө келип, кургак кесекти бычак, мык менен оюп, элечек кийген кемпирди жасап, элечегин ак, кийимдерин көк түскө боёдум. Аны көрүп апам “сен скульптор болот окшойсуң” деген. Атам врач эле, маданият, адабият жөнүндө түшүнүгү бар болчу, ал өтүп кетти. Апам медсестра. Алмага “атаңдай врач бол” деп көп айтчу. Бирок мен врач да, башка кесиптин да ээси болгум келбеди. Скульптор гана болгум келди.Жетинчи класстан баштап күндө ылайдан же жыгачтан бир нерселерди жасоо мага адат болуп калды. Ансыз тура албачумун. Бишкекте, Москвада окуп жүргөндө деле ал адатым калбады. Баш -аягы 11 жыл окуп, скульптор болуп иштеп жатамын.

- Алгачкы устат окутуучуларың кимдер болду?

-Мектепте окуп жүргөнүмдөбаймактыкЫманалы Наркулов деген адамкөп жардам берди. Орустар “самоучка” деп айткандай, атайын билими болбосо да ал скульптурага кызыккан, тубаса жөндөмү бар адам эле. Мага ал көп нерселерди үйрөттү. Жасагандарымдын жакшы жактарын да, кемчиликтерин да көрсөтчү. Ал өзү да гипстен, бетондонар нерселерди жасачу. Мен анын үйүнө барып, жасагандарын көрүп, айткандарын уккан сайын, улам бир жаңы нерсе ачылгандай көңүлүм көтөрүлүп, скульптурага кызыгуум ошончолук артып турчу. Анан Улуттук академияга келгенде Тургунбай Садыков агайдан, санкт-петербургдукАльбертЧаркин, Иван БорисовичКорнеев деген агайларымдан көп нерселерди үйрөндүм. Чаркин мен Илья Репин атындагы сүрөт Академиясынын бешинчи курсунда окуп жүргөнүмдө өтүп кетти. Анан менин көркөм жетекчим РСФСРдин эл сүрөтчүсү, көптөгөн сыйлыктары барИван БорисовичКорнеев болду.

- Скульпторлукөнөр аялдар түгүл, эркектерге деле оор. Гипс жууруп, таш чегүү үчүн күч да, ден соолук дакерек.Бийликтенби же ишкерлерденби, айтор, сенин иштөө, жашоо шарттарыңа жардамдашып, өнөрүңдүн өрчүшүнө көмөктөшөйүн дегендер барбы?

- Жок, эч кандай деле жардам болгон жок. Бир туугандарым гана колдорунан келишинче жардамдашып турушат. Алар деле жөнөкөй эле жумушчулардан. Бир жолу президенттин аппаратына: “Силер спортсмендерге дайыма жардам берип, айрымдарына стипендия да төлөп келе жатасыңар. Эмне үчүн сүрөтчүлөргө, скульпторлорго, жазуучуларга эч кандай жардам көрсөтпөйсүңөр? Искуство менен адабият спорттон да төмөнбү?”- деп кайрылсам, “Силер өнөрпозсуңар, өзүңөр иштеп акча табышыңар керек”,- деп коюшкан. Биз идиш-аяк, ээр токум, же дөрбөлжүн, шырдак даярдасак ошентип айтышса болмок. Бардык мамлекеттерде скульпторлор мамлекеттик буйрутманын, колдоолордун эсебинен жашашат да. Бийликтегилерде аны түшүнгөндөр болбой жатат.

-Сүрөтчүлөр союзу эмне иш кылат?

- Мен ага мүчөмүн, бирок эмне иш кылгандыгын билбейм. Билет жазып берип, мүчөлүк акы алышарын гана билем.

- Мындан кийинки пландарың кандай?

- Мен элибиздин Манасбаштаган даңазалуу инсандарынын айкелдеринин галереясын түзгүм келет. Акыркы убактарда чет элдиктер менен көбүрөөкбайланышуудамын. Жакында эле Түркияга барып, көргөзмөмдү уюштурдум. Ал жакка экинчи ирет барышым.

- Чет элдиктер менен кантип байланышасың? Бирөөлөр сунушташабы?

- Алар интернет аркылуу билишип, айкелдеримдин сүрөттөрүн көрүшүп, анан чакыруу жиберишет. Чыгымдарымды төлөп беришет.

- Сен скульптурада идеал туткандар кимдер?

-Мектепте окуп жүргөндө “Монументалисты СССР”, “Скульпторы СССР” деген сыяктуу китептерди таап, алардагы сүрөттөрдү карагандан тажачу эмесмин. Ошондо эле В.И. Мухина, С.Т.Коненков, Тургунбай Садыков сыяктууулуулардын айкелдерин жакшы билчүмүн. Кийин А.С.Чаркин, П.А. Шевченко жараткандары менен тааныштым. Мен идеал туткандар ошолор.

- Улуттук скульптурадагы көйгөйлөр кайсылар?

- Бизде ири айкелдерди гана жасаган Тургунбай Садыковдун мектеби, ыкмасы бекем калыптанган. Көбү андан чыкканга аракеттенишпейт. Ал эми Санкт-Петербургдагы, Москвадагы мектептерде майда скульптура да өнүккөн. Мага ошолордун ыкмасында иштөө жагат. Маселе айкелдинчоң, кичинесинде эмес, образдын, замыселдин жеткире ачылып берилишинде да. Ал бизде көбүнчө эске алынбай жатат. Анан бирөөнүн айкелин тургузуу керек болсо, шашып-бушуп эле бүткөрө салгандыктан көп кемчиликтер кетүүдө. Алардын айрымдарын жөнөкөй көрүүчүлөр да байкап көп сындарды айтып, жазып жатышат. Кесипкөйлөр алардан башка кемчиликтерди да көрүшөт. Ошондуктан, буйрутмадан кийин скульпторлорго убакыт кенен берилсе, алар шашпай, сапаттуу жасашат эле дегим келет.

- Скульпторлордун, жалпы эле искусство жаатындагылардын иштерин жакшыртуу үчүн эмне кылуу керек?

-Өкмөт бирөөлөрдүнайкелдерин, эстеликтерин тургузар алдында гана сынак өткөрүшөт. Ар кандай темаларда андай сынактардыар эки же үч жылда өткөрүп, жеңгендерди, байгелүү орундарды ээлегендерди материалдык, моралдык жактан көтөрмөлөп турушса, скульптура искусствосунун өнүгүүсүнө чоң түрткү бермек. Анан сүрөтчүлөрдүн, скульпторлордун өнөрканалары болушу зарыл. Азыр жаштардын ар кимиси сарайды, күркөнү ыңгайлаштыра коюп иштеп жатышат. Менин өнөрканамды көрүп турасыз. Жоктон көрө жогору болгон менен шарттары жок. Кышында суук, адам кире албайт. Өкмөт бизге жаңы бүтүп жаткан үйлөрдүн цоколдук кабаттарынан же жер төлөлөрүнөн өнөрканаларды берсе жакшы болмок. Ошондой эле сүрөтчүлөрдү, скульпторлордун мыктыларын искусствонун борборлору деп эсептелген чет элдерге иш сапарларга, стажировкаларга жөнөтүп турушса демекчимин. Биздин сүрөтчү, скульпторлордун көбүискусствонун Меккеси катары эсептелген Луврду, Римдикөрүшө деле элек.

- Борбордогу Манастын, Айтматовдун, Сүймөнкул Чокморовдун эстеликтери жөнүндө көп сындар айтылып келет. Алар тууралуу сенин көз карашың кандай?

- Аларды жасагандар менин агайларым, кесиптештерим. Алар жөнүндөсүйлөбөй эле койойун.

-Эртең алар мени куугунтакташат дейсиңби?

- Жок, бирок эл да бир нерсени билип айтат да.

- Скульптураларга керектелчү материалдардын баалары кандай? Алар да арзан эместир?

-Ооба, бронза аябай кымбат. Мага айкелге, скульптурага буйрутма беришкенде, мен үлгүсүн жасаймын,бронзага куйдуруунуөзүңөр чечесиңер дейм. Ага караганда пластик арзаныраак. Мен көбүнчө чыгармаларымды гипс, таш, терроката, шамот сыяктуу материалдардан жасайм. Жабык жерге коюла турган болсо, гипсделе боло берет.

-Эми “Манас”, Айтматов темалары боюнча кандай пландарың бар?

- Мен экинчи класска чейин “Манастан” үзүндүлөрдү жаттап алып, айтчуэлем. 2015-жылы Астанага коюла турган Манастын айкелине жарыяланган сынактын биринчи турунан өткөм. Экинчи туру боло элек. Анан “Манас” жана Ч.Айтматов Улуттук академиясынансунушболсо, мен алар менен кызматташканга даярмын. Ойлорум, пландарым да бар.

 

Тынчтыкбек Бешкемпиров

Резюме:

Маматова Тамила, чыгаан жашскульптор, Ала-Бука районунун Келте айылындагыР.Кулуев атындагы орто мектепти аяктагандан кийин Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясына тапшырып, аны 2012-жылы, Санкт-Петербургдагы Илья Репин атындагы көркөм сүрөт академиясын 2018-жылы аяктаган. 2016-жылы Санкт-Петербургдун Улуттар Үйүндө, ошол эле жылы Москвадагы Кыргызстандын Маданият Үйүндө, 2018-жылы Санкт-Петербургдун Таврия Сарайында, И.Репин атындагы академияда, Г.Айтиев атындагысүрөт музейинде персоналдык көргөзмөлөрүн өткөргөн.

Эл аралык отуздан ашык дипломдордун жана сертификаттардын ээси.

Бир нече жолу Италиядагы, Түркиядагы, Казакстандагы симпозиумдарга катышкан.

Булак: “Майдан. kg” гезити