Хирург, медицина илиминин доктору, академик Мамбет Мамакеев "Гиннестин рекорддор китебине" кирди. 93 жаштагы хирург 67 жыл ичинде 30 миңден ашык операция жасаган. Мамбет Мамакеев Гиннестин Рекорддор китебине эң көп убакыт иштеген хирург катары кирген. Ал өз кесиби менен иштеген убактысы 67 жыл 181 күн деп белгиленген. Белгилүү хирург легендарлуу китепке 2020-жылдын 29-февралында катталган. Ал өз өмүрүн Улуттук хирургия борборун тургузууга, жарандардын саламаттыгына жана шакирттерине арнап келет.
М. Мамакеевдин өзүнүн айтуусунда, анын балалык чагы өтө кыйынчылык учурга туш келген. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда 14 жашта болгон, ата-энеси кедей болушкан. Азыркы борбор калаа Бишкекке Караколдон үч күн машина күтүп, карагай тарткан машинанын үстүнө отуруп келген. Ал эми борбордогу медициналык окуу жайга түз эле кабыл алынганы менен бир ооз орусча сөз билген эмес. Ошондуктан көпчүлүк айыл жеринен келген кыргыз улутундагылар окуу менен жашоодон кыйналып, кайра кетип калышкан. М. Мамакеев кыргыз доктур бар экен деп угуп, Иса Ахунбаевди издеп таап, жолукканда, ал кишинин: “Балдар, чыдагыла, врачтар керек”,- деген сөзү дем берип, окууну улантууга себеп болгон.
“Мен азыр 93 жаштамын, бүгүн да төрт операция жасадым, күндө ушундай. Дүйнөлүк практикада врачтар операция жасай албай калышат, кол титирейт жана башка. Мүнөзүм, тилим жаман болчу. Эгер тырышчаактыгым, аракетим болбосо, ушул касиеттерим менен шаарда иштеп калмак эмесмин...”,- деди ал.
Албетте, биз да бир кылымга тете өмүр сүрүп, ошол курагында да карыдым, арыдым деп жатып албастан, күн сайын оорулуу адамдарга экинчи өмүр тартуулап аткан Мамбет Мамакеев атабызды куттуктайбыз жана ушундай легендарлуу, эмгекчил доктордун замандашы болуп калгандыгыбыз үчүн сыймыктанабыз.
Булак: “Майдан. kg” гезити