Эстрада ырчысы Анжелика Кайратовна Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековго өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу жооп берди.
“Эми ырчыларды дагы жаңы министрибиз угуп койсун!
1. 23 жылдан бери эмгегимдин тарыхчасын ачып, бир грамота бербеген маданият министрлигине мен дагы нааразычылыгымды билдирип кетейин.
2. Ырчылар арасындагы бир дагы мамлекет тарабынан өткөн концерттерге температура болсок дагы, жаңы төрөсөк дагы, COVID-19 болсок дагы ЭЛ ҮЧҮН, чоңдор үчүн (кой, балким, баалап калат деп) резиденцияга барып, бир күндөп репетиция жана кезек күтүп ырдап келе жатабыз (кээде төлөнүп калса 2000 сом же ашып кетсе 5000 сомго чейин төлөп калышат).
3. Кечээ 20дан ашуун ырчылар эшикте, суукта, маданият министрлигинин чакыруусу менен бекер ырдап, колдодук.
Мен кээ бир чыгармачылыктагы агай-эжелеримди көрүп кабыргам кайышат. Өз өмүрүн чыгармачылыкка арнап, тытынып соода кылып – акча таап, ошол акчага ыр жаздырып келишет. Клип, костюм, жайылтуу деген нерселерге укмуш көп акча кетет. Мунун баары – чыгармачылыкка, угармандарына болгон сүйүү үчүн. Ал эми кыяладанып жүрүп алган “маданият отличниги” -эмне берет?, 1% арзандатуу бир жерге берилсечи.
4. Чара көргөндөй, мамлекеттик кызматкер болуп, айлык алып жатабызбы? Мамлекеттин же министрликтин каттоосунан тастыктоочу күбөлүк алыптырбызбы? Же маданият күнүнөр менен деп бир куттуктоо кагазын беришиптирби ушул күнгө чейин? Ырчыларды чогултуп, жыйын өткөрүлүш керек деп ойлойм. Улуу муун ырчылардан, жаштардан байкоочу кеңеши түзүлсүн! Ачык иштеп, келишимге кол койдуруп, анан чараларды көрө бергиле!”, – деп жазган.
Булак: Элгезит