Печать
Категория: Коом
Просмотров: 186

Бүгүн, 13-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын башчылары, ошондой эле Кыргызстанда аккредитацияланган чет мамлекеттердин ардактуу элчилери менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу өз сөзүндө дипломатиянын негизги маңызы элдер менен мамлекеттердин ортосунда «алтын көпүрө» куруу экендигин белгиледи. Садыр Жапаров Кыргызстан ар дайым чет элдик өнөктөштөрү менен, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдар менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтты. Ал ошондой эле 5-октябрда Кыргызстанда болгон окуялар парламенттик шайлоонун адилетсиз өткөндүгүнүн натыйжасынан улам келип чыкканын билдирди.

Президенттин милдетин аткаруучу белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөдөгү кырдаал турукташып, саясий процесстер укуктук талаага кайтып келди.

Садыр Жапаров азыркы учурда мамлекеттик органдардын алдында актуалдуу милдеттер — өлкөдөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү, инвесторлордун ишенимин кайтаруу жана мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо коюлгандыгына токтолду.

Ал тышкы саясаттын учурдагы артыкчылыктуу багыттарына өзгөчө басым жасоо менен Кыргызстан союздаштары жана стратегиялык өнөктөштөрү менен кызматташуусун чыңдоону уланта берерине ишендирип, коронавирус пандемиясына каршы турууда Кыргызстанга колдоо көрсөткөн чет мамлекеттерге жана эл аралык уюмдарга ыраазычылыгын билдирди.

Садыр Жапаров дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнө иш-чарага катышкандыгы үчүн ыраазычылык айтып, Кыргызстандын эл аралык коомчулук менен ар тараптуу кызматташуусу мындан ары да бекемделе берет деген ишенимин билдирди.

И.о. президента, премьер-министр Садыр Жапаров Садыр Жапаров и министр иностранных дел Руслан Казакбаев В первом ряду: посол России Николай Удовиченко и посол Турции Женгиз Камил Фырат    Во втором ряду: директор постоянного представительства АБР в Кыргызстане Кэндис МакДейган Посол Азербайджана Гидаят Оруджев Постоянный координатор системы ООН Озонниа Ожиело 

Булак: Баракелде