Печать
Категория: Коом
Просмотров: 121

Кыргызстандын жаңы тарыхында экономикалык, финансылык жактан быйылкыдай оор жыл болгон эмес. Борбор калаадагы жана башка ири шаарлардагы, райондордогу өнөр жай жана курулуш  ишканалары, тейлөө түйүндөрү 25-марттан 1-июнга чейин иштебей токтоп турду. Экономикабыз июнда жандана баштаганда, июлда пандемия биротоло күчөп, өлкөгө кайрадан карантиндик абал киргизилди.Туризм толук үзгүлтүккө учурады. Кафе-ресторандык, элдин көңүлүн ачуу ж.б. боюнча тейлөө, тигүү тармактары дагы деле толук ишке киргизиле  элек. Кошуна өлкөлөрдө да карантиндик чаралар киргизилгенден улам тышкы соода кескин азайды. Акыркы жумаларда пандемия кайра күчөп, тейлөө түйүндөрү  кайра жабылууда. Мына ушундан улам бюджеттин киреше бөлүгү азайып, таңсыктык 25-30 миллиард сомду  түзүүдө. Ишканалардын, уюмдардын убактылуу иштебей токтоп калганы - милдеттүү алык-салыктарды, төлөмдөрдү  азайтарын айтпаса да түшүнүктүү. Иштебеген адам, ишкана-уюм салык да төлөбөйт. Мына ошондой себептерден апрель-май айларында пландаштырылгандардан 6,4 миллиард сом түшкөн эмес.

Бирок  мына ушундай абалга карабастан июлдан бери Мамлекеттик салык кызматы айлык, кварталдык пландарын ашыгы менен аткарып, жылдын жыйынтыгы менен карантиндик айлардын да бөксөсүн толтуруп, жылдык планды аткаруу үстүндө иштеп жатканы, азыркыдай темп менен барышса, ага реалдуу мүмкүнчүлүктөрдүн бар экендиги, чындыгында мактоого татыктуу  көрүнүш.

Мамлекеттик салык кызматы пандемиялык оор абалга карабастан июль айында айлык планын 110 пайызга аткарды. Август айында өткөн жылдын  август айына  салыштырганда 1 миллиард 265 миллион сомдук өсүш менен жалпысынан 7 миллиард 515,9 миллион сомдук салык жана төлөмдөрдү жыйнап, айлык планын 120,2  пайызга орундатса, сентябрда ал 117,1 пайызды түздү. Октябрда 7 миллиард 590,9 миллион сомдук салыктар жана төлөмдөр жыйналып, айлык план 123, 4 пайызга аткарылды. Ал эми быйылкы жылдын он айынын ичинде жалпысынан 62 миллиард 646,1 миллион сомдук салыктар жана төлөмдөр жыйналып, артта калуу 5,7 миллиард сомго кыскартылды. Кайталайбыз, алдыдагы эки айда да ушундай темп сакталса, КРнын Мамлекеттик салык кызматы өзүнүн жылдык планын ашыгы менен аткарат. Анда анын жетекчиси Кабыл Абдалиев баштаган тийиштүү кызматкерлерди сөзсүз мамлекеттик эң жогорку сыйлыктар менен сыйлоо керек. Кыргызстандын реалдуу экономикасы 15 пайыздай артка кетип, ички дүң жыйымдын көлөмү дээрлик 6 пайызга азаюусу күтүлүп жатканда, салыктардын жана төлөмдөрдүн жылдык тапшырмасын ашыгы менен аткаруу - чындыгында жарандык эрдикке тете көрүнүш. Атаганат, башка тармактар да ушундай иштешсе, Кыргызстан пандемиянын зыяндарынын ордун толтурууда азыркыдай кыйналмак эмес.

Абдалиевдей кесипкөйлөр баркталышы, сакталышы керек

Тилекке каршы, октябрдагы толкундоолордон улам эң жогорку саясый бийлик алмашкандан бери  чоң акчалар менен иштешкен  жерлерге, анын ичинде КРнын Мамлекеттик салык кызматынын  жетекчисинин ордуна көз артып, анын жетекчиси Кабыл Абдалиевди  ар кандай формаларда каралап, чындыкка жакындабагандарды токуу, фактыларды бурмалоо аркылуу  аны азыркы бийликтегилерге жаман көрсөтүү  аракеттери тымызын болуп жатканын  кейиштүүлүк менен белгилей кетүүгө тийишпиз. Андай кара пиарлардын артында: Абдалиевди эптеп кетирип, анын ордуна ээрчишип барып, казынага түшө турган каражаттарды каалагандай калчоону эңсеген шылуундар  тургандыгы эч кимге жашыруун эмес.  Бирок алар Кабыл Абдалиевдей иштеше алабы?

Ыгы келгенде мурдагы бийликтегилер өз кызыкчылыктарын гана көздөгөн кутумдардын шыкактары менен К.Абдалиевди бул кызматтан бир ирет кетирип, анан тармактагы абал кескин начарлап, жылдык пландар аткарылбай калганда кайра алып келишкендигин, ошондон кийин тармактагы абал кайра кескин жакшырып,  салыктарды жана төлөмдөрдү жыйноо боюнча жылдык пландар ашыгы менен аткарыла баштагандыгын эске сала кеткибиз келет. Пандемия болбогондо быйыл да Мамлекеттик салык кызматы 2018-2019-жылдардагыдай, эң кеминде 5-6 миллиард сомдук өсүш менен чыкмак, бирок апрелден тартып, республикадагы көпчүлүк ишкана-уюмдардын иштери кескин начарлап, сырткы соода да кескин азайгандыгы эки жылдан берки динамикалуу темпти начарлатты. Ага карабастан  аталган кызмат акыркы айларда орто эсеп менен 17-18 пайыздан өсүш берип, жылдык планын аткарганы турат. Андай ийгиликтердин өзүнөн өзү  жаралбашы да түшүнүктүү. Ал кызматтын жетекчиси Кабыл Абдалиевдин уюштуруучулук чоң таланты жана жөндөмү, кесипкөйлүгү менен жогортон төмөнгө чейин  бекем тартипти орнотуп, талап коё билгендиги, көмүскө экономикадагыларды ырааттуу ачыкка чыгарып, ички резервдерди кыймылга келтирүү аркылуу салыктык базаны кеңейткендиги, инновациялык ыкмаларды кеңири киргизүү аркылуу   эсеп-кысап, көзөмөл иштерин кескин жакшырткандыгынын эсебинен жетишилгендигин ачык айталы.

Өлкөдөгү экономикалык оор абалга карабастан мына ушундай ийгиликтерди жаратып, өлкөнүн каржылык абалын жеңилдетүүгө омоктуу салым кошуп жаткан адамды алмаштырып, ордуна жайларды, машинелерди өрттөгүчтөрдүн бирин алып келүү жөнүндө сөз да болбошу керек. Ал мамлекетке, элге кылган кыянаттык гана болот. Анткени, Салык  кызматы катардагы мекемелердин бири эмес, ал өлкөбүздүн бюджетин түзүүчү негизги эки тармактын бири. Ал аксаса, өлкө аксайт, убагында айлык акы, пенсия, жөлөк пулдарын ала албай эл кыйналат. Демек, башка тармактарда кадрдык эксперименттер жүргүзүлсө да, бул кызматка андай ат үстүнөн мамиле жасалбоосу керек.  Мамлекеттик  салык кызматын  жетекчилик  жөндөмүн, талантын  чоң-чоң натыйжалар аркылуу нечен ирет далилдеген  Кабыл Абдалиевдей  кесипкөйлөр гана жетектөөсү керек.

 

Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити