Печать
Категория: Коом
Просмотров: 171

Бул иш парламенттин спикери Талант Мамытовдун демилгеси менен жасалды. Мамытовдун айтымында, тосмолордун алынышы «элге жакын болууга» шарт түзөт.

Анткен менен өлкө көз карандысыздыкка ээ болгон жылдар аралыгында ар кандай активисттер жана депутаттар Ак үйдү курчап турган тосмолорду алып салууну далай ирет сунушташкан.

2012-жылы «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошева тосмону алуу керек деп айткан.

Ошол эле жылы активист Максат Жумабаев да Ак үйдү сыйлап, андагы митаамдардан арылуу үчүн тосмолорду алып салууну сунуштаган.

2013-жылы «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Курмантай Абдиев да тосмолорду алып салыш керектигин айткан.

Ал эми 2014-жылы тосмону алып таштоо тууралуу «Ар-Намыс» партиясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу айта баштаган. Бакир уулу тосмону жаманчылыктын башаты катары сыпаттаган.

Акыркы жолу тосмодон арылуу демилгесин 2020-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, саясий кризис  башталгандан кийин өзүн-өзү калаа мэри деп жарыялап алган Жоошбек Коеналиев көтөрүп чыккан.

Ал тургай Коёналиев мэрлик кызматта отурганда буйрук чыгарууга да жетишип, тосмолорду бир күндүн ичинде алып салууну тапшырган. Бирок анын буйругу аткарылбай калган.

Ошентип Ак үй эми элге жакын болуп, бийлик да каалагандарга эшигин кеңири ачып калды. Демек, буга чейин болуп келген ар кандай басып алуучулук иштер болбойт деп ишенебиз.

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити