Печать
Категория: Коом
Просмотров: 258

Коррупция менен күрөшүүнүн жана мамлекеттин коррупцияга каршы саясатына элдин ишенимин жогорулатуунун алкагында УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы коомдук кабылдама ачты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарандар кабылдамага саат 9.00дөн 18.00гө чейин кайрылса болот. Саат 12ден 14гө чейин тыныгуу.

Мындан сырткары УКМКнын төрагасы жана тиешелүү жетекчилер күн сайын саат 16.00дөн 17.00гө чейин жарандарды кабыл алышат. Ишемби жана жекшемби күнү кабыл алышпайт.

Дареги: Бишкек шаары. Жибек-Жолу проспекти №322.

Байланшытар: 0(312) 66-00-20, WhatsApp – 0501660020, Telegram номери – 0501660020, Facebook шилтеме – https://www.facebook.com/aks.gknb. электрондук почта – Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра..

Булак: Элгезит