Печать
Категория: Коом
Просмотров: 438

Ушул жылдын 5-6 – октябрында болгон окуялардан улам Кыргызстанда иштеп жаткан инвесторлор, анын ичинде  Жалал-Абад областынын Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл аймагында жайгашкан Бозумчак жез-алтын кенин иштетип жаткан «КАЗ Минералз Бозымчак» компаниясы да ишин токтотууга аргасыз болгон. 4-ноябрь күнү КР Президентинин милдетин аткаруучу, КРнын Премьер-министри С.Н.Жапаров атайын кенге барып, эки айылдын эли менен жолугушуу өткөргөн жана комбинаттын иштешине тоскоол жаратпоону өтүнгөн эле. Бирок кендеги иш ошол бойдон токтоп турат. Мунун себеби эмнеде? Өлкө башчысынын жергиликтүү бийлик органдарына берген тапшырмасы, элге айткан өтүнүчү эмнеликтен аткарылбайт? Компаниянын ишине тоскоолдук жаратып жаткан кимдер, алардын койгон талаптары кандай жана максаты эмне? Эмесе мына ушул суроого жооп бергенге аракет кылалы.

«КАЗ МИНЕРАЛЗ БОЗЫМЧАК» КОМПАНИЯСЫ ЖӨНҮНДӨ 

Жалал-Абад областынын Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл аймагында жайгашкан Бозумчак жез-алтын кенин 2007-жылдан бери боордош Казакстан Республикасынан келген ири инвестор «КАЗ Минералз Бозымчак» тоо-кен компаниясы иштетип келет. Бул ишкана жез өндүрүү боюнча дүйнөдөгү ири компаниялардын бири KAZ Minerals Тобунун Кыргызстандагы туунду ишканасы болуп эсептелет.

KAZ Minerals Тобу Лондон биржасында катталган, өз ишмердүүлүгүн Россияда, Казакстанда жана  Кыргызстанда жүргүзөт. Башкы кеңселери Лондондо жана Алматы шаарларында жайгашкан. KAZ Minerals Тобу жана анын туунду компаниялары публичный же кыргызча айтканда, ачык компаниялар болуп саналат. Башкача айтканда, компаниянын акциялары эл аралык биржада же анын чектеринен тышкары эркин соодада айланат. Мындай компаниялар, эреже катары, кадыр-баркын өтө бийик жана таза кармаганга умтулат жана мыйзам талаптарын абдан бекем карманат. Буга биринчи кезекте компаниялар өздөрү кызыкдар.  

«КАЗ Минералз Бозымчак» компаниясы учурда республиканын түштүгүндө иштеп жаткан ири инвесторлордун бири. Компаниянын Бозумчактагы Байытуу фабрикасы жылына 1 млн тонна кен иштеп чыгарат. Ишкананын даяр продукциясы – бул алтын менен күмүштү камтыган жез концентраты. Концентрат 2014-жылдын декабрынан тарта Балхаш жез эритүүчү заводуна ташып жеткирилүүдө, анткени Кыргызстанда жезди кайра иштетүүгө техникалык мүмкүнчүлүктөр жок. Даяр продукцияны жүктөп жөнөтүү КРнын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. Кен казуу жумуштары аяктагандан кийин жерлерди республиканын мыйзамдарына ылайык кайра калыбына келтирүү иштери  пландаштырылган. Бул максатта компания тарабынан атайын эсеп ачылып, ага каражаттар которулуп турат.

Өндүрүштө цианид колдонулбайт. Калдыктар атайын сактоочу жайда жарым кургак түрдө (нымдуулук 14% ашпайт) сакталат. Мындай кымбат, коопсуз, алдыңкы технология КМШ өлкөлөрүндө азырынча жок. Калдыктар сакталуучу жай экологиялык талаптарга толугу менен жооп берет жана анын жергиликтүү калкка зыянсыздыгы буга чейин көптөгөн тийиштүү органдардын текшерүүлөрүндө аныкталган.

Бургулап - жардыруу иштери атайын коопсуз жана аз толкундуу чынжырлата жардыруу ыкмасы менен ишке ашырылат.

КОМПАНИЯНЫН ӨЛКӨ ЭКОНОМИКАСЫНА КОШКОН САЛЫМЫ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ КАЛК МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫК

 «КАЗ Минералз Бозымчак» компаниясы иштеп келаткан берки мезгилде Кыргыз Республикасынын экономикасына 450 млн.го жакын АКШ долларын инвестициялаган.

Компания иштеп келаткан мезгил ичинде КРнын бюджетине 5,8 млрд сом ($89 млн) салыктар жана башка төлөмдөр төлөнгөн. Быйылкы 2020-жылдын 9 айынын ичинде эле республиканын бюджетине 1,2 млрд сом ($17,5 млн) түшкөн.

Компания 2011-жылдан бери жыл сайын Көк-Таш жана Көк-Серек айыл аймактары менен социалдык өнөктөштүк тууралуу Меморандумга кол коюп турат. Аталган документте тараптардын милдеттенмелери жана жоопкерчилиги так жазылып, аткаруу мөөнөтүнө чейин көрсөтүлөт. Буга чейин компания тарабынан өз милдеттенмесин аткарбай койгон учур бир да жолу каттала элек. Меморандумдун алкагында компания тарабынан айылдардагы мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, ФАПтар, айылдык милиция бөлүмү, спорттук объектилер, мечиттер, жолдор ремонттолгон, жаңы көпүрөлөр курулган, мектептерге компьютерлер берилген. Өзгөчө кырдаалдар учурунда (сел, суу ташкыны) компания тарабынан жергиликтүү айылдарга техника бөлүнүп берилет. Компания айыл өкмөттөрүнө айыл чарба техникасын (трактор, комбайн) сатып алуу жөнүндө долбоорлорду иштеп чыгууга жардам көрсөтүп, кошо каржылайт. Мындан тышкары, компания аймактык жана республикалык деңгээлде демөөрчүлүк колдоо көрсөтүп турат. Компания иштеп келаткан мезгил ичинде Көк-Таш айыл аймагына 17 млн сом, Көк-Серек айыл аймагына 73 млн сом, Ала-Бука районуна жана Жалал-Абад областына 20 млн сом, республикалык масштабда 11 млн сом жардам көрсөткөн.

Компаниянын эсебинен ири объектилер: жалпы узундугу 31,5 км. айланма жол курулган. Мурда Ала-Бука районунун борборунан Көк-Таш айыл аймагынын айылдарына чейин жол болгон эмес. Тургундар райондун борборуна Өзбекстан аркылуу каттап келишкен. Аталган жол курулбаса, Көк-Таш айыл аймагы Өзбекстандын анклавына айланмак. Жолдун курулушуна жана аны тейлөөгө 11,8 млн АКШ доллары жумшалган.Компания Көк-Таштын элинин өтүнүчү боюнча аймакты (6 айыл) өзүнүн Бозумчактагы подстанциясына (көмөкчү чордон) кошкон. Натыйжада Көк-Таштын эли электр жарыгы менен толук камсыз болгон. Буга чейин Көк-Таш айыл аймагынын айылдары узак жылдар бою электр жарыгын Өзбекстандан суткасына 1-2 саат гана алып турушкан.

Бүгүнкү күндө республикадагы айыл өкмөттөрүнүн басымдуу бөлүгү мамлекеттик дотацияда турат жана бюджети 6-8 млн сомду түзөт. Ал эми Бозумчак кени жайгашкан Көк-Таш айыл аймагы республикадагы эң бай айыл өкмөттөрдүн бири болуп эсептелет. Бүгүнкү күнгө чейин Компания тарабынан жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө жана кармап турууга кирешеден 2%дык төлөм жөнүндө мыйзамга ылайык, жалпысынан 684 млн сом чегерилген. Бул каражаттар областтык, аймактык өнүктүрүү Фонддоруна жана 20%ы Көк-Таш айыл аймагынын  бюджетине түшкөн. Мунун ичинде Көк-Таш айыл аймагына ушул жыл ичинде 21 млн 874 000 сом 2 пайыздык төлөмдөр, 12 млн 149 000 сом жер ижарасына каражаттар түшкөн. Көк-Таш айыл аймагынын быйылкы 2020 –жылдагы бюджети 75 млн. сомду түзгөн. Каражаттарды бөлүштүрүү КРнын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. Бул каражаттардын эсебинен жергиликтүү бийлик органдары жыл сайын жолдорду куруп, оңдойт, жарык өткөрөт, ири социалдык жана маданий объектилердин долбоорлорун түзөт. Кай бир өлчөмдөгү суммалар аймакта жыл сайын өздөштүрүлбөй да калууда.

Компания жергиликтүү кооперативдерди колдоого алган (4 а/чарба кооперативи – “Бозумчак голд сервис”, “Көк-Таш эко таза шире”, “Чоң сай голд сервис”, Көк-Таш голд сервис”) жана алардан өз муктаждыктарына айыл чарба продукциялары менен тигилген буюмдарды сатып алып турат. Бүгүнкү күнгө Компания жергиликтүү кооперативдерден 124 млн сомдук продукция сатып алган.

Мындан тышкары, «КАЗ Минералз Бозымчак» компаниясы турмушу оор үй-бүлөлөрдөн чыккан окууга дилгир улан-кыздарды Бишкектеги жогорку окуу жайларында өз эсебинен окутуп келүүдө. Бүгүнкү күнгө Көк-Таштан 6, Көк-Серектен 7 студент окуп жатат. Айрым бүтүрүүчүлөр учурда компанияда ийгиликтүү иштеп жатышат. Ошондой эле компания жыл сайын эки айыл аймагында акысыз жайкы орус тили курстарын ачып, иштетип келе жатат.

КОМПАНИЯНЫН ИШИН ӨЛКӨ ЖЕТЕКЧИЛИГИ ЖОГОРУ БААЛАП КЕЛГЕН

«КАЗ Минералз Бозымчак» компаниясынын жергиликтүү жамааттар менен кызматташтыгы республикага үлгү катары таанылган жана муну Бозумчакка келип кетишкен КР ЖКнын депутаттарынын, КРнын мурдакы премьер-министрлери Ж.Оторбаев, Т.Сариев, Ж.Сатыбалдиевдин, вице-премьерлердин жылуу пикирлери тастыктап турат. Компания бир нече жолу «Жылдын мыкты ишканасы» деген наамга татыктуу болгон. Компаниянын тажрыйбасын үйрөнүү үчүн Бозумчак кенинде Кыргыз Өкмөтү тарабынан республикалык деңгээлдеги семинарлар өткөрүлгөн.  

Жергиликтүү коомчулуктар менен болгон мамиледе кандайдыр бир түшүнбөстүктөргө жол бербөө максатында компания жылына эки ирет Көк-Таш жана Көк-Серек айыл аймактарында коомдук угууларды өткөрүп келүүдө. Мындан тышкары, компания өз иши туурасында жергиликтүү калкка өзүнүн корпоративдик басылмасы – «Бозумчак» газетасы аркылуу анык, так маалыматтарды берип келет. Компаниянын ишине карата суроолор жаралган учурда ар бир каалаган жаран компаниядан тийиштүү маалыматтарды басма сөз кызматынан же компаниянын Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасынан ала алат.

Компания ушул аймакта ишин жүргүзүп келаткан мезгил ичинде жергиликтүү коомчулуктардын ишенимдүү өнөктөшү боло алды. Кандай татаал кырдаал жаралбасын, компания дайыма элге жардам колун сунуп келет. Кечээги пандемия башталган мезгилде да компания четте турган жок. Элге колдон келген жардамын көрсөтүп, өндүрүштү бир күн да токтоткон жок. Натыйжада адамдар айлык акыларын үзгүлтүксүз алып турушту.

Арийне, мындай ийгиликтер өзүнөн өзү жарала койбойт, мунун артында эмне деген чымырканган эмгек, эмне деген татаал тайгак ашуулар, темирдей эрк жана өз ишинин тууралыгына болгон ишеним жатат. Ошондуктан мунун баарын кайдагы бир ууч караңгы топ шарт эле чийип сала албайт.          

КОМПАНИЯ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ТУРГУНДАРДЫ КАНДАЙЧА ЖУМУШКА АЛАТ?

Компанияда учурда 1172 адам иштейт, анын 97%ы Кыргыз Республикасынын жарандары. «Бозумчак» тоо-кен байытуучу комбинатында учурда 933 адам эмгектенет, анын 737си жумушчулар.  Ала-Бука районунан иштегендер – 80 адам, Жалал-Абад областынын башка райондорунан иштегендер – 103 адамды түзөт. Башка региондордон келип иштегендер – 149 адам. Комбинатта Көк-Таш жана Көк-Серек айыл аймактарынын иштеген тургундардын үлүшү 41%ды түзөт, Көк-Таштан – 180 адам, Көк-Серектен – 225 адам иштейт. Башкача айтканда, комбинаттын тейлөө, чарбалык жана башка кызматтарында толугу менен эки айыл аймагынын жарандары иштешет.   

Компания жергиликтүү жарандарды жумушка кабыл алуу учурунда Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптарын бекем сактайт. Көк-Таш жана Көк-Серек айыл өкмөттөрүндө компаниянын маалымат борборлору уюштурулган. Бул борборлордо жергиликтүү тургундардын өкүлдөрү эмгектенет. Жумушка орношууну каалагандардын резюмелери аталган маалымат борборлорунда чогултулат жана кадрдык резерв түзүлөт. Бош орундар боюнча бардык маалыматтарды жарандар борборлордон ала алышат.

Жергиликтүү тургундарды жумушка алуу учурунда компаниянын башкы директорунун атайын буйругу жетекчиликке алынат. Бул буйрукка ылайык, жумушка алууда жергиликтүү тургундарга артыкчылык берилген. Жумушка орноштурууда компания эки айыл өкмөтүнүн ортосунда тең салмактуулукту сактоого аракет кылат. Бирок буга карабай, жумушка алууда айрым маселелер чечилбей калат, анткени Көк-Таш айыл аймагынын калкынын саны 4 500 миң адамды түзсө, ал эми Көк-Серек айыл аймагынын калкы 7 200 адамды түзөт. Экинчиден, компания мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, бардык каалоочуларды жумуш орундары менен камсыз кыла албайт, жергиликтүү кадрларды тандоо учурунда алардын квалификациясына жана иш тажрыйбасына артыкчылык берилет. Компания жумушка кабыл алууда жарандарды жергиликтүү же башка аймактардан (республиканын башка шаарларынан жана аймактарынан) деп бөлүүгө укугу жок, анткени алардын баары Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелет.

Жумушка алуу учурунда бардык кызматкерлер сынак-тесттен жана аңгемелешүүдөн өтөт. Тестирлөөнү жана аңгемелешүүнү компаниянын жетекчи адистери жүргүзөт. Себеби, кенди иштетүүдө татаал жабдуулар жана алдыңкы технологиялар пайдаланылгандыктан, алар жумушка кире турган адамдардан жогорку квалификацияны, ошондой эле орус тилин жакшы билүүнү талап кылат. Мындай жагдай компанияны атайын квалификациялуу кадрларды КМШдан гана эмес, чет өлкөлөрдөн да издөөгө аргасыз кылат.

Учурда ишканада бардык жумуш орундары 100 пайыз толукталган, бош орундар жок. Жумушка кирген адамдар орундарында туруктуу иштеп жатышат, ошондуктан аларды жөн эле иштен бошотуп салууга мыйзам жол бербейт.

Ишканадагы күзөт кызматын пайдалануу жергиликтүү кыргызстандык күзөт компаниялары менен түзүлгөн келишим боюнча ишке ашырылууда. Бул жерде да Кыргызстандын башка аймактарынан келген жарандар иштешет. Күзөт компаниясынын кадрлык саясатына «КАЗ Минералз Бозымчак» компаниясы кийлигише албайт, ага укугу жок.

БОЗУМЧАКТАГЫ БАШАЛАМАНДЫК

Тилекке каршы, ушул жылдын 4-октябрында өткөн шайлоолорго карата болгон нараазычылыктан улам жаралган баш-аламандыктардын натыйжасында компания 6-октябрда Бозумчактагы ишин токтотууга аргасыз болду. Элге, өлкө экономикасына пайдасын гана тийгизип жаткан инвесторго карата мындай мыйзамсыз аракеттер эмнеден улам келип чыкты?

6-октябрь күнү белгисиз адамдардын уюшулган агрессивдүү тобу стратегиялык объект болуп эсептелген «Бозумчак» тоо-кен комбинатынын аймагына кирип келип, ишти токтоону жана айрым жетекчилердин токтоосуз жумуштан кетүүсүн талап кылган. Компаниянын жетекчилиги 2020-жылдын 6-октябрынан тарта ишин токтотууга, ошондой эле кырдаалды чыңалтпоо үчүн жана комбинатта иштеген 500 кызматкердин өмүрүн жана ден соолугун коопсуздандыруу максатында аларды алып чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кызматкерлердин жана өндүрүштүн коопсуздугун камсыздайбыз деп ишендиргенден кийин (20.10.2020-ж., 24.10.2020-ж. кеңешмелер) компания ишин баштоого аракеттенген, бирок буга жергиликтүү калктын уюшулган топтору кайрадан тоскоолдук кылган.    2020-жылдын 28-октябрында мамлекеттик органдардан түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия компаниянын өкүлдөрү менен бирге Көк-Таш айыл аймагында коомдук угууну өткөрүп жаткан учурда, Көк-Серек айылынан чыккан агрессивдүү топ өзүнүн автоунаасы менен «Бозумчак» тоо –кен комбинатынын аймагына кирип келип (60-70ке жакын адам), административдик имараттын маңдайында дөңгөлөктөрдү өрттөп, ишкананын ишин токтотууну талап кылышкан.

Жогорудагы комиссиясынын жана ишкананын өкүлдөрү Бозумчакка келгенден кийин, чыр чыгып, компаниянын эки кызматкери сабалган (учурда алар Бишкекте дарыланууда). Тилекке каршы, ошол жерде турушкан күч органдарынын кызматкерлери чектен чыккан мындай аракеттерди токтотконго эч кандай чара көрбөй, кайдыгер гана карап туруп беришкен. Бул ирет да баягы эле талаптар – айрым жетекчилерди токтоосуз кызматтан кетирүү, жумушка жергиликтүү тургундарды кабыл алуу, республиканын башка аймактарынан келип иштеп жаткан кызматкерлерди жумуштан бошотуу, алар аткарылмайын өндүрүштү токтотуу талабы айтылган. Ызы-чуу салган топ эч кимди укпай, тарабай, өкмөттүн өкүлүнөн президенттин милдетин аткаруучу С. Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөштүрүүнү талап кылышкан. Натыйжада, чогулгандар С. Жапаров байланышка чыгып, 4-ноябрь күнү кенге бараарын, маселелерди ошол жерден угуп, чечерин айтканда гана тарашкан.

МАМЛЕКЕТ БАШЧЫСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ   

4-ноябрда КРнын президентини милдетин аткаруучу, премьер-министр С. Н. Жапаров убада кылгандай Бозумчак кенине барган. Өлкө башында турган адамдын эки гана айылдын эли менен жолугушуу үчүн атайын барганы аларды сыйлаганы эмеспи.

Бирок жолугушууга өзүлөрүн “элбиз” деп атаган баягы эле топ келип, баягы эле талаптарды кайрадан коюп, аларды ошол замат чечип кетүүнү талап кылган. Алынган так маалыматтарга караганда, ал жерде аксакалдарга, компаниянын эл үчүн жасаган, жасап жаткан жакшы иштерин калыс айтууну каалаган адамдарга сөз берилген эмес. Чыгып сүйлөгөн адамдар адегенде С. Жапаровдон «укук коргоо органдары бизди куугунтукка албасын» деген кепилдик алып, анан бир да далили, же фактысы жок компанияны каралашкан жана ишкананы мокочо кылып көрсөтүүгө аракеттенишкен. Ал эми алар койгон талаптардын 90%ы реалдуу эмес экенин тоо-кен адистери, юристтер айтышууда. Маселен, кенде 80% жергиликтүү тургундар иштесин деген талап, демек, башка аймактардан келгендер иштебесин деген кеп эмеспи. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны каалаган жеринде иштөөгө укуктуу экенин айтып деле кереги жоктур. Бул күлкү келтирерлик талап, анткени Кыргызстанда нарындыктар – Нарында, көлдүктөр – Ысык-Көлдө гана иштесин деген мыйзам жок экенин биринчи класстын баласы деле билет. Булардын пикирине таянсак, анда Бишкекте, Чүйдө иштеп жашап жаткан ондогон, жүздөгөн алабукалык туугандарыбызды кантебиз?   

Компаниянын бул аймакта иштегенинен карапайым эл пайда гана көрүүдө. Аны жогоруда так мисалдар менен айттык. Мисалы, Көк-Таш айыл аймагынын жылдык бюджетинин 75 млн. сомго жеткенин (буга таң калганын С. Н. Жапаров өзү да жашырган жок дешет), кийинки жылы 100 млн. сомдон ашык акча түшөөрүн, анын баары компаниянын аркасы менен болуп жатканын бир да адам калыстык үчүн болсо да айта алган эмес.

Өлкө башчысы С.Н.Жапаров бардык маселелер мыйзам чегинде каралаарын, азырынча ага убакыт керек экенин түшүндүрүп, тургундардан комбинаттын ишине тоскоолдук кылбоону өтүнгөн. Сыртынан караганда, жолугушуу ойдогудай өткөндөй болгон, анткени мамлекет башчысы ар бир суроого жооп берип, ошону менен келген элдин аң-сезимдүү бөлүгү ал коштошуп кеткенденден соң  тараган.  

Бирок кайра эле баягы топ «маселени азыр чечкиле» деген талабын айтып, бир топко чейин тарабай турган.  

БАШ-АЛАМАНДЫК ЖАРАТКАН КИМДЕР?

Айрым маалыматтарга караганда, өзүлөрүн “элбиз” деп атап баш-аламандык жараткан топтун башкаруучулары негизинен Бишкек шаарында жашаган алабукалык тургундар. Алардын жетекчилеринин бири Көк-Серек айылынын тургуну, учурда Бишкектеги базарлардын биринде жашылча сатып иштеген Кылыч Шанаев. Бул жигит көптөн бери инвестор-компаниянын дарегине эч кандай далилдер менен тастыкталбаган маалыматтарды өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу таратып келет. Бозумчактагы 6 –октябрдагы, 28-октябрдагы жана 4- ноябрдагы баш-аламандыктын башында ушул жигиттин жүргөнүн жергиликтүү тургундар, компаниянын өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жакшы билишет. Мындан тышкары, жергиликтүү тургундардын айтымында, топтун дагы бир жетекчиси Көк-Таш айыл аймагынын Кулпек-Сай айылынын тургуну Абдыганы Азимов аттуу адам. Бул адамдар уюлдук телефондун вотсап тармагында атайын топ ачышып, бардык иш-аракеттерин талкуулап турушкан деген да маалыматтар бар. Бул топко бир кезде Бозумчакта иштеп, ар кандай тартип бузуулар үчүн жумуштан айдалып кеткен балдар да кошулуп кеткен. Мындайча айтканда, булар компанияга “таарынгандар”.    

Жаралган кырдаалдан улам компания өндүрүш пландарын кайрадан карап чыгууга, техниканы, жабдууну сактоо боюнча зыян тартты, кызматкерлердин басымдуу бөлүгү ишке кирише албай жатат. Ишкананын токтоп, туруп калганына байланыштуу мамлекеттин бюджетине да каражаттар толук түшпөйт.

Республиканын региондорундагы туруксуз абалга байланыштуу, чет өлкөлүк жана атамекендик инвесторлорго алардын Кыргыз Республикасынын экономикасына тарткан инвестицияларын коргоо кепилдиги талап кылынат. Инвесторлорго инвестиция  тартууга тоскоолдук кылган, мамлекеттик, муниципалдык, жеке мүлктү мыйзамсыз басып алууга умтулган, уюмдардын ишине кийгилишүүгө, алардын кадрлык маселелерин чечүүгө, же ушул аракеттерди ишке ашырууга көмөктөшкөн кызмат адамдары жана башкалар Кыргыз Республикасынан мыйзамдарына ылайык кылмыш жана жарандык-укуктук жоопкерчиликке тартыла турганына ишеним керек.

Кеп соңунда КРнын укук коргоо органдары сырттан келип иштеп жаткан инвестор компанияга каршы ачыктан ачык мыйзамсыз иш –аракеттерди жасаган адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык чараларды көрөт деп ишенебиз. Анткени буларды мыйзам талаптарына ылайык жазаламайынча, кенде абал турукташпайт, ишкана иштей албайт. Анын кесепеттери экономика үчүн да, жергиликтүү калк үчүн да канчалык оор болоорун айтпаса деле түшүнүктүү.

 

Аэлита Молдокадырова, Булак: "Майдан. kg" гезити