Печать
Категория: Коом
Просмотров: 97

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иши каралат. Соттук жараянда башкы прокурордун мурдагы орун басары Людмила Усманова суракка алынары күтүлүп жатат. Бул тууралуу Салянованын жактоочусу Рабига Сыдыкова кабарлады.

«Мен Усманованы сотко мажбурлап алып келүү тууралуу өтүнүч берип судья аны колдогон. Эми аны суракка алабыз. Ал сотту, тараптарды сыйлап жараянга келиши керек. Себеби, анын көрсөтмөсү маанилүү. Анын үстүнө Усманованы суракка алуу өтүнүчүн башында прокурорлор да берип жатышкан».

Булак: Элгезит