Печать
Категория: Коом
Просмотров: 136

Бүгүн, 10-ноябрда Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешине президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров да катышты. Видеоконференция түрүндөгү бул кеңеш Россия Федерациясынын төрагалыгы астында уюштурулган.

Иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык жана регионалдык актуалдуу маселелер боюнча пикир алышуу болду.

Кыргызстан менен Россиянын бардык багыттагы кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгилеген С.Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинге: «Сизден телефон аркылуу талкуулоо мүмкүнчүлүгүн сурагым келип турат», - деп кайрылды.

Булак: Баракелде