Экономика илимдеринин доктору, Кыргыз-Орус славян университетинин эл аралык мамилелер кафедрасынын профессору Рыскулов Ислан Абдыбачаевич көз жумду. Ал 62 жаш курагында 9-ноябрь күнү каза болгон.
Маркум 1959-жылы 21-февралда Чүй облусунда жарыкка келген. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу элчиси рангына ээ.
Акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 11-ноябрда саат 11:00дө Бок-Жол айылында болот.
Булак: Баракелде