Бүгүн, 9-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусунун эли менен жолугушту.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Садыр Жапаров эл алдында сүйлөп жатып аймактардагы абалды жеринен көрүү максатында республиканын региондорун кыдырып жатканын айтты.
«Элдин үнү эч качан бийликке жетпейт, бурмаланган учурлар дагы болот, кээде бийлиги бар адамдар көз алдында эмне болуп жаткандыгын билишпейт. Мен ар бир жарандын үнүн угайын, элибиз кандай жашарын көрөйүн, эмне маселелери бар экенин билейин деп келдим. Мамлекеттик бийлик органдарына болгон элдин ишенимин кайтаргым келет», - деди Садыр Жапаров.
Ал эл оозунан чыккан ачуу чындыкты угууга жана көп жылдардан бери Нарын облусундагы калктын топтолуп келген көйгөйлөрүн чечүүгө даяр экенин кошумчалады.
Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда жашоочулар көптөгөн суроолорду беришти. Анын ичинде электр энергиясынын баасын төмөндөтүү, аймактын инфраструктурасын жакшыртуу, жерлерди трансформациялоо жана социалдык маселелерге өзгөчө көңүл бурууну суранышты.
Булак: Баракелде









