Вакцинаны сынап көрүү үчүн ыктыярчылар изделип жатканын kun.uz сайты инновациялык өнүгүү министри Ибрагим Абдурахмановго таянып жазды. Ыктыярчыларга бул үчүн акы төлөнүшү мүмкүн.
Кытай вакцинасы төрт ай баш калаадагы поликлиникаларда гана сыноодон өткөрүлөт. Мурдараак Ташкентке Кытайдан төрт дарыгер келген, дагы беш адис келери күтүлүүдө.
Өзбекстанда 8-ноябрга карата коронавирус жуктургандардын саны 68 665 кишиге жетти, алардын 583ү каза болду.
Булак: Азаттык