Печать
Категория: Коом
Просмотров: 118

Президенттин м.а. Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Галина Байтерек  конституциялык  реформа президенттик  шайлоодон кийин ишке ашырыларын билдирди.

Ал конституциялык реформа эл аралык жана жарандык коомчулукту тартуу менен кеңири талкуулардан, дискуссиялардан кийин жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

«Эл конституциялык реформаны талап кылууда. Президенттин м.а. Садыр Жапаров президенттик шайлоодон кийин  Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү пландоодо. Конституциялык реформа ачык айкын болот. Бүгүнкү күндө ар кайсы  саясатчылар, жарандык активисттер жана эксперттер тарабынан сунуш кылынган бир катар варианттар каралып атат. Элдин негизги талабына жооп берген бирдиктүү долбоорду аныктоо үчүн конституциялык кеңешме түзүлүп, коомчулук менен кеңири талкууланат. Кесипкөй адистер конституциялык кеңешмеге чакырылат, бардыгы үчүн эшик ачык», - деди маалымат катчы Г. Байтерек.

Булак: "Майдан.kg" газетасы