Печать
Категория: Коом
Просмотров: 131

Кыргызстан мындан ары кандай башкаруу формасында жашоосун улантары алдыдагы Конституциялык реформа, референдумдардан кийин анык болор. Бирок коомчулукта, эл арасында бул боюнча пикирлер, көз караштар ар кандай.

Президенттик шайлоо жакындаган сайын акырындан  башын көтөрө баштаган Өмүрбек Бабанов президенттик башкаруу формасын жактай турганын билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө суперпрезиденттик башкаруу өкүм сүрүүдө. Бирок жоопкерчиликти премьер-министр гана алат. Андай болгон соң жоопкерчиликти өкмөт башчы эмес, президент алганы туура болот.

Саясатчы ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары абсолюттуу кол тийбестикке ээ болушу зарылдыгын белгиледи. Ал депутаттардан мындай артыкчылыкты  алып салуу туура эмес болгон деп эсептейт.

«Өмүрбек Текебаев бул кол тийбестикти алып салып, өзү ошонун курмандыгы болду. Ошондуктан, депутаттыкка талапкерлерди шайлоого чейин текшерүү керек. Эгерде ал таза болсо, анда анын абсолюттук кол тийбестиги болушу зарыл. Ошондо гана ал коркпой- үркпөй көйгөйлөрдү көтөрүп, маселелерди кабыргасынан коет», - деди.

Бул маселеде Бабановду түшүнсө да болот. Артында калбыры көп саясатчылардын бири. Ошол себептен улам акыркы жылдары бийликке ачык каяша айта албай, сындай албай «жүдөп» жүрөт. Кол тийбестик эң ириде өзүнө каршы иштей турганын түшүнүп, аны кайра калыбына келтирүүнү каалап атканы айтпаса да түшүнүктүү болуп атпайбы.

Булак: "Майдан.kg" газетасы