Печать
Категория: Коом
Просмотров: 157

Атына жараша балакеттей акылы бар, экономика жаатында сүйлөсө, уккан адамды муютат. Бирок башындагы акылын эл, мамлекет үчүн эмес, байлыгын, мансабын  көбөйтүүгө гана жумшап келаткандардын бири. Жогорку кызматтарды ээлеп турганда  коррупциялык, мыйзамсыз жолдор менен ири  байлык, мүлктөрдү  топтогон адам. Бирок ошого карабай бир тал  чачы түшпөй, бардык бийликтин тушунда «суудан кургак чыгып» келет.

Анын коррупциялык иштерин айта берсе сөз узакка созулат. Анын 2009-жылы алган 200 млн. сомдук  насыясынын  ушул күнгө чейин 1 сомун  төлөбөй келатканын кантип түшүндүрүүгө болот? Эмнеге ага карата мыйзамдар иштебейт? Алган насыяларын маалында кайтара албай, канчалаган жарандар үй-мүлктөрүн алдырып койгон карапайым жарандар ондоп саналат. Акылбек Жапаров эмне, кудайдын эрке баласыбы?

Коррупцияга  малынгандыгы тууралуу айтсак, Кант шаарындагы «МИС» ишканасын вице-премьер-министр кезинде ит арзан суммага «өздүктөп» алган. Бул аз келгенсип,  аталган ишкана салык боюнча жалган маалымат берип, өлкө бюджетине 30 млн. сом зыян келтиргени анык болду.

Бакиевдин учурунда  Көк-Жар жаңы конушундагы гектарлаган  жерлерди мыйзамсыз трансформациялап, аларды жер тилкелери кылып сатуу менен миллиондогон долларларга туйтунганын да маалымат үчүн айта кетели.

Эмне үчүн тиешелүү укук коргоо органдары, Экономикалык кылмышка күрөшүү кызматы Жапаровдун жогорудагы мыйзамсыз иштерин текшерүүгө алып, мыйзам чегинде чараларды көрүшпөйт? Жапаров качанга чейин эркелейт?

Булак: "Майдан.kg" газетасы