"Биз кечээ Садыр Жапаров менен сүйлөштүк, ал башка имаратта иштерин айтты. Ошондуктан Ак үй толугу менен Жогорку Кеңештин балансына өттү", - деди ал..
Учурда Садыр Жапаров өкмөт үйүнүн имаратында иштеп жатат.
Ошондой эле Мамытов биринчи кезекте Жогорку Кеңештин жыйындар залы оңдолуп-түзөлөрүн билдирди.
"Иштөөгө кичине шарт түзүп алгандан кийин жыйындарды Ак үйдө өткөрүп баштайбыз", - деди ал.
Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин жыйындары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.
Булак: Баракелде