Печать
Категория: Коом
Просмотров: 97

Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Министрлик белгилегендей, Кыргызстанда 7-8-ноябрда белгиленген Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү дем алыш күндөргө туура келгендиктен эс алуу күндөрү 9-ноябрь (дүйшөмбү) жана 10-ноябрга (шейшемби) жылдырылат.

"Андыктан беш күндүк иш графиги менен иштеген кыргызстандыктар 7-10-ноябрь күндөрү, ал эми алты күндүк графиги менен иштеген кыргызстандыктар 7-9-ноябрь күндөрү эс алышат", - деп билдирет министрлик.

Булак: Кабар