Печать
Категория: Коом
Просмотров: 108

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери көмүр сатып алуу боюнча тендердик комиссиянын мүчөсүн “Кыргызтеплоэнерго” мамлекеттик ишканасынын филиалдарынын биринен У.Р.кармашты
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, У.Р. экономикалык тармактарды 2020-2021-жылдарга күз-кыш мезгилине даярдоонун алкагында ири көлөмдөгү көмүр сатып алуу боюнча тендерде жеңишке жетишүү жөнүндө маселени оң чечкендиги үчүн ишкердиктин  өкүлүнөн «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги аркылуу сый акы түрүндө көрсөтүлгөн сумманы талап кылган.

Сотко чейинки процесстин материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча КЖБРдин АСке катталган. Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Болжолдуу маалыматтар боюнча,  отун-энергетикалык комплекс боюнча көз карандысыз эксперт Расул Умбеталиевдин кармалышы жөнүндө сөз жүрүүдө.

Булак: vesti.kg