Манасчы Дөөлөт Сыдыков "Гиннес дүйнөлүк рекорддор китебине" Манас айтып катталуу алдында турат. Бул тууралуу анын жакшы санаалаштары соцтармакка жарыялашты.
"Улуу өнөрду алып жургон,коптогон жаштарга үлгү болгон Дөөлөт абабызга ийгилик каалайбыз. Ак жолу ачылып, арышы кеңейип, Жараткан өзү жар болуп, Манас атабыз жана бардык кайып күчтөр колдоп Дөөлөт абам кыргыз элине кубанычтуу күн тартуулап,баарыбызды сүйүнтөт деп мен ишенем", - деп жазышкан.
"Гиннес дүйнөлүк рекорддор китеби" - бул адамдардын, жаныбарлардын жана уникалдуу табигый көрүнүштөрдүн рекорддук жетишкендиктери тууралуу маалымат берүүчү жылдык маалымдама.
Кыргызстандан бул китепке биринчи жолу "Эң чоң өлчөмдөгү улуттук тамак" болуп 2018-жылдын март айында Бишкекте жасалган бешбармак кирген.
Андан соң ушул жылдын май айында Мамбет Мамакеев эң көп иштеген хирург (ал 61 жыл 181 күн операция жасаган) катары катталган.